ИНСБУРК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:59, 27 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

И́НСБУРК – Австриянын түндүк-батышындагы шаар. Тироль жеринин (административдик-аймктык бирдик) административдик борбору. Альп тоолорундагы Бреннер ашуу­суна жакын, Инн дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 132,1 миң (2024); шаар айланасы м-н 250 миң; калкынын саны боюнча өлкөдөгү 5-шаар. Ири жол тоому. Австриянын батыш «көпүрөсү». Ав­тобандар ж-а темир жол магистралдары аркылуу Мюнхен, Цюрих, Вена (Зальцбург – Линц ар­кылуу), Венеция (Больцано – Тренто) м-н бай­ланышат. Эл аралык аэропорту бар. 1234-жыл­дан белгилүү. Текстиль, электр-техника, химиялык-фар­мацевтика, металл иштетүү, тамак-аш өнөр жай иш­каналары иштейт. Көркөм промысели (мозаи­ка, айнек, металл буюмдар), кол өнөрчүлүк (бе­лек буюм) өнүккөн. Туризмдин ж-а спорттун кышкы түрлөрүнүн борбору. 1964-жылы IX, 1976-жылы XII Олимпия оюндары өткөрүлгөн. Университет (1669), музейлер [Тироль край таануу «Фердинандеум» музейи, эл чыгармачылыгы] бар. Габсбургдар­дын Хофбург ак сарайы (14–18-кылымдар), Хофкирхе чиркөөсү (1553–63), Ыйык Анна колоннасы (1706), Ландхауз (1725–28) монастыры ж. б. сак­талган. Европа музыка маданиятынын борборло­рунун бири. Жыл сайын музыка фестивалда­ры, П. Хофхаймер атындагы органчылардын эл ара­лык конкурсу өткөрүлүп турат.