ИНКТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:38, 27 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНКТЕР , и н к а – 11–16-кылымдарда азыркы Перу аймагында жашап, Түштүк Американын баты­шындагы Тауантинсуйу мамлекетин түзгөн ин­дейлердин этностук тобу. «Инка» (Сапа Инка – Жалгыз Инка) алгач кечуа урууларынын бири­нин уруу башчысынын титулу болгон, кийин бул аталыш м-н бүт уруу аталган деп божо­молдонот. Инктер Түштүк Америкада эң байыркы цивилизациялардын бирин түзгөн. 14-кылымдын аягы – 15-кылымддын башында Куско өрөөнүндө инктердин калкы 20–30 миң кишиден турган алгач­кы мамлекети – Тауантинсуйу (1438) түзүлгөн. 1438–63-жылдарда Пачакути чанкаларды талкалап, башкы бийликке ээ болгон ж-а коңшу аймак­тарды (Колья, Лупака мамл. бирикмелерди), уулу – Тупак Юпанки (Топа Инка Юпанки) Чимор мамлекетин, Перунун борбордук ж-а түштүк жэ­эктериндеги майда мамлекеттерди ж-а мамлекеттик бирикмелерди, Боливиянын батыш ж-а түштүк- батышын, Аргентинанын түндүк-батышын ж-а азыркы Эквадор, Чилинин түндүк аймактарын басып алган. Элдин саны 9 млнго жетип, мам­лекеттин аймагы түндүктөн түштүккө 4000 кмге жеткен. Дыйканчылык ж-а балык уулоочулук м-н кесиптенип, кол өнөрчүлүк (кездемени көркөмдөп токуу, чоподон оймо-чиймелүү кара­па идиштерин, металл буюмдарын, аялдардын алтын сөлөкөттөрүн жасоо ж. б.) ж-а соода өнүк­көн. 11-кылымда Куско өрөөнүндө эрте инк Кильке маданияты пайда болуп, 14-кылымдан кошуна өрөөн­дөргө тараган. 15–16-кылымдарда архитектуралык курулуш­тар (инктердин архитектурасынын шедеври болгон Мачу- Пикчу резиденциясы, Кускодогу (мамлекеттин борбору) күн храмы, Саксауаман, Писак сепил­дери, ак сарайлар, обсерваториялар, амфитеатр­лар ж. б.) курулган. Инктердин салттуу оозеки мад­анияты болгон. Поэзия, музыка ж-а бий жогору баа­ланган. Акындар ж-а музыканттар өзүнчө кас­таларды (аравикуна) түзүп, Кускодо музыкалык мек­тептер ачылган. 1532-жылы инктер мекендеген аймак­ты испандар басып ала баштап, колониялаш­тырууда мамлекетин талкалап, цивилизация­ны жок кылышкан.