ИНКВИЗИЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:07, 27 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНКВИЗИ́ЦИЯ (лат. inquisitio – тергөө, из­дөө) – католик чиркөөсүнө каршы динчилдер­дин ишин кароочу 13–19-кылымдардагы атайын чиркөө соту. Алар жамы журтту боштондукка чыгаруу­га аракеттенип, чиркөөгө каршы күрөшкөн атак­туу адамдарды, ойчулдарды, илимпоздорду, жазуучуларды, дарыгерлерди (Ж. Бруно, Ж. Ва­нини) «ересь» деп күнөөлөшкөн. Инквизиция айрыкча Ис­панияда аябай өкүм сүргөн. Инквизитор Торк­вемада (15-кылым) 18 жылдын ичинде 10220 киши­ни тирүүлөй өрттөгөн. Анын кыянатчылыгы­нан 114 миң үй-бүлө жабыр тарткан. Инквизиция кесил­гендин мал-мүлкүн чиркөөгө өткөрүп берип, аны байытуунун булагына айланган. 19-кылымдан инквизициянын милдети конгрегацияга өтө баштайт. 1965-жылы биротоло диний конгрегацияга айланат да, төң­көрүшчүл күчкө каршы күрөшөт.


Ад.: Фокчиньский И. Инквизиция // Католическая энциклопедия. М., 2005. Т. 2 (библ.).