ИНЕРЦИЯ ЗАКОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:57, 26 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНЕ́РЦИЯ ЗАКОНУ – механиканын негизги закондорунун бири. Нерсеге сырттан күч таасир этпесе же аракет эткен күчтөр өз ара тең чоң­дукта болсо, анда ал өзүнүн тынч абалын же бир калыптагы түз сызыктуу кыймылын сак­тайт. Механиканын бул закону инерция закону же Нью­тондун 1-закону деп аталат, к. Ньютон закон­дору.