ИНДУИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:54, 26 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДУИ́ЗМ – Индиянын байыркы салттык ди­ни; Индияда ошондой эле индиялыктар жашаган чы­гыш өлкөлөрүндө таралган. Б. з. 1-миң жыл­дыгында калыптанган. Анын окуусунун идея­сы веда ж-а брахман дининин эволюциясынын негизинде түзүлгөн. Ошондой эле индуизмде жандардын бир түрдөн экинчи түргө өтүшү (сансара) жогорку ку­дайларды (Вишну же Шива) же алардын ку­булгандагы көрүнүштөрүн урматтагандыкка, касталык турмуш-тиричилик (к. Касталар) эре­желерин аткаргандыкка жараша аныкталуучу жакшы же жаман жүрүм-туруму үчүн сый же жаза берүү мыйзамы (карма) боюнча жүрөт деп ырастаган окуу түзөт. Сыйынуу чиркөөлөрдө, ыйык жайларда өткөрүлүп, дасера, дивала, холи майрамдары белгиленет. Жаныбарлардан уй, жылан, дарыялардан Ганг, өсүмдүктөрдөн ло­тос ж. б. ыйык деп эсептелет. Индуизмге кудайдын универсалдуулугу ж-а баарына бирдей жалпы­лыгы жөнүндөгү элестөөлөр мүнөздүү. Бул өзгөчө бхакти окуусунан көрүнөт. Индуизм вишнуизм ж-а шиваизм агымдарынан турат. Учурда индуизм динин тутуучулардын саны 1 млрд же дүйнө жүзүндөгү калктын 17,5%ин түзөт.


Ад.: Кнотт К. Индуизм. М., 2001; Альбедиль М. Ф. Индуизм: Главная религия Индии. СПб., 2006.