КАЛЫГУЛ Бай уулу
КАЛЫГУЛ Бай уулу (1785, азыркы Ысык-Көл р-ну, Кара-Ой айылы – 1855, Чолпон-Ата) – кыргыз элине кеңири белгилүү ойчул, нускоочу акын; «Замана» агымынын өкүлдөрүнүн бири.


Калыгулдун өмүр жолу, чыгармалары жөнүндө так маалыматтар аз. Октябрь революциясына чейин Калыгулдун мурастары эл арасында оозеки айтылып келген. Совет доорунун биринчи жылдарында анын чыгармалары аздап жыйнала баштаган, илимий жактан изилденип, мектептерде жана педогогикалык институтта окутулуп келген. Бирок совет
мезгилинин, айрыкча 1947- жылдан анын чыгармачылыгы реакциячыл деген жалаа менен катуу сынга алынган. Ал жөнүндө изилдөөлөр токтотулуп, чыгармалары пайдаланууга тыюу салынган. Калыгул 6–7 жашынан айылындагы Сопу ата
деген чоң молдодон таалим алган. Чыгармаларындагы маалыматтарга караганда Чыгыш элдеринин ад-тынан, мад-тынан, тарыхынан кабардар болгон. Айрыкча О. Азиянын Кулкожо Акмат (Кулкожоакмат), сопу Алдаяр (Сополдаяр) сыяктуу белгилүү инсандардын чыгармалары, филос. көз караштары, сопучулук (суфизим) түшүнүктөрү м-н терең тааныштыгы байкалат. К. жаш кезинен эле эл оозуна алынып, кадыр-баркы артат. К. өзү жашаган тарыхый доордун улуу өкүлү катары кыргыз жергесинде болуп жаткан орчундуу окуялардын дээрлик бардыгына катышып, көпчүлүк учурларда активдүү роль ойногон. Түндүк кыргыздар м-н Кокон хандыгынын иш алакаларында элчи, кеңешчи катары өз уруусунун ж-а элинин таламын коргогон. Сарбагыш, бугу урууларынын, жалпы эле Көл чөлкөмүнүн Кокон хандыгына баш ийбей калышында К-дун ролу чоң делет. Ал Ормондун хан шайланышына активдүү катышат. К. акылман, олуя катары кыргыз жергесин басып алууга умтулуп, каптап келе жаткан орус падышачылыгынын баскынчылык саясатынын коркунучун алдын ала көрө билген. Ал коом, турмуш, жашоо, каада-салт, тиричиликтин түрдүү учурлары ж-дө ой-пикирлерин, корутундуларын, кеп-кеңештерин «маселдер» деп атап, накыл сөз түрүндө, уйкаштыкка келтирип баяндаган. Ал башка акындардан айырмаланып, чоң жыйындарда ырдабай, айтышка түшпөй, комуз чертпей, ырларын маселдетип, жорго, накыл сөз түрүндө куюлуштуруп, обонсуз айткан. К-дун масел сөздөрү ар кыл багытта, тематикада болуп, өз алдынчалыкка, жеке өзгөчөлүккө ээ. Акындардын айрымдары анын идеяларын улантышса, бир даары анын «Акыр заманынын» нугунда чыгармаларды түзгөн. К-дун маселдери бир бүтүн чыгарма эмес, ар бир ыр түрмөгү кыска-кыска жыйынтыктуу, корутунду түрүндө кыска айтылып, ар башка мазмундагы, багыттагы бир канча ойду өзүнө камтыйт. Аларда турмуштун ар кандай жактарына ой чаптырылып, коом м-н адамдардын жашоосундагы социалдык мааниси терең маселелер козголот. Ал жамандык-жакшылык, марттык-сараңдык, өмүр-өлүм, айкөлдүк-пастык, жүрүм-турум адеби, үй-бүлөлүк ж-а тууганчылык мамиле, турмуш мыйзамы, сулуулук ж-а көркөмдүк, кооздук ж. б. темада, ар башка багытта терең ойлорду айткан. К-дун чыг-лыгын мүнөздөй турган, өзүнө гана таандык турмуштук, коомдук-социалдык көз караштары, филос. ой толгоолору, жыйынтык-корутундулары бар. Анын чыгармалары мазмуну, багыты гана эмес, түрү ж-а түзүлүшү жагынан да төкмөлүк поэзиядан айырмаланат. Муун өлчөмүндө, саптык түзүмүндө да ырчылар поэзиясындагы салттуу 7–8 муун өлчөмү ар дайым сактала бербейт; 4– 5 муундук түзүлүш басымдуу. К-дун чыгармаларын мазмундук өзгөчөлүктөрүнө, идеялык маңызына карап шарттуу түрдө эки топко бөлүүгө болот: 1) нукура элдик, салттуу поэзиянын нугунда түзүлгөн санат, терме ырлары. Акындын ырларында адамдын бийик ж-а асыл сапаттары даңазаланып, адамгерчиликке, боорукерликке, кайраттуулукка, дос-тууганга кайрымдуу, жолдошчулукка туруктуу болууга үндөйт. К. салттуу поэзиянын нугунда түзүлгөн санат ырларында элдик көз караштын айрым жактарын өз байкоолору, ой тизмеги м-н толуктап, кеңейткен, калк тарабынан калыпка түшкөн ойлор м-н катар акындын өз жекечелигин көрсөткөн жагдайлар арбын; 2) Калыгулдун масел сөздөрү. К. нускоочу акын болгондуктан, анын ойлору турмуш-тиричилик жагдайдын тегерегинде гана болбостон, коом, замана, анын келечеги, өлкөнү башкаруу иштери, рухий дүйнөгө кире турган өзгөрүүлөр сыяктуу социалдык курч маселелерге багытталган. Анын «Акыр заманында» («Масел сөздөрүндө») кыргыз коомунун келечек тагдыры тууралуу ой жүгүртүлөт. «Акыр заман» – маселдердин, накыл сөздөрдүн жыйындысын түзүп, бир мазмунга, бир бүтүн композициялык түзүлүшкө ээ эмес, уйкаштыгына караганда накыл сөзгө көбүрөөк жакын. Олуя акын кыргыз коомчулугунун келечек тагдыры, адеп-ахлагы, социалдык өзгөрүүлөр ж-дө алдын ала ой жүгүртүү деңгээлине көтөрүлгөн. К. өз учурундагы көчмөн кыргыз коомунда үстөмдүк кылган патриархалдык наркнасил, адат-салттын ыдыроо алдында тургандыгын билген, келечекте анын социалдык маңызында, адамдардын кулк-мүнөзүндө, жүрүмтурумунда өзгөрүүлөр болорун туура баамдаган. К-дун чыгармаларына Совет мезгилинде тыюу салынгандыктан, анын чыгармалары толук жазылып калбаган, изилдөөлөр да жок. Анын чыгармалары кылдат текстол. талдоого муктаж, ага тиешелүү маалыматтар, чыгармалар тактоону ж-а изилдөөнү талап кылат. Белгилүү маалыматтарга караганда, К-дун чыгармаларынын айрым үлгүлөрү 1922-ж. Нарын уездинде К. Миф-
таков тарабынан белгилүү манасчы С. Орозбаковдун айтуусунда биринчи жолу кагаз бетине түшүрүлгөн. Айрым маселдери И. Арабаевдин 1925-ж. жарыкка чыккан «Сабатсыздыкты жоюу алиппеси» аттуу окуу китебинде «Калыгул бийдин сөзү» деген тема м-н берилген. Олуянын белгилүү чыгармалары ж-а ал ж-дө эскерүүлөр, ил. пикирлер топтолуп, «Акылман Калыгул» деген аталыштагы жыйнак 2000-ж. жарык көргөн. К-дун чыг-лыгы кыргыз ад-тында, а. и. ырчылар поэзиясынын тарыхында зор из калтырган. 1999-ж. 30-октябрда туулуп-өскөн айылында күмбөзү орнотулган.
Ад.: Калыгул Бай уулу. Б., 1992; Калыгул. Казыбек. Казалдар. Б., 1992.
Б. Кебекова, Ж. Медералиева.