ИНДОЛ
ИНДО́Л , 2, 3 – б е н з о п и р р о л, С8Н7N – ароматтык бирикме, жагымсыз жыттуу, түссүз кристаллдар. Молекулалык м.ассасы 117,18, эрүү t 52°С, кайноо t 153°C. Индол ысык сууда, органикалык эриткичтерде, суюк аммиакта эрийт. Таш көмүр чайырында, кээ бир эфир майында кездешет. Индол таш көмүр чайырынын нафтилин фракциясынан дегидрирлөө ж-а андан ары циклдештирүү м-н алынат. Индолдун бирикмелери биологиялык активдүү заттар, мисалы, 3-индолилуксус кислотасы, серотонин ж. б. Индол гетероауксинди, триптофанды синтездөөдө, парфюмерияда колдонулат.