ИНДИЯ ЭЛДИК КӨТӨРҮЛҮШҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:59, 25 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДИЯ ЭЛДИК КӨТӨРҮЛҮШҮ (1857–59), С ы п а й л а р к ө т ө р ү л ү ш ү – англиялык колониячыл үстөмдүккө каршы чыккан масса­лык кыймыл. Анын өзөгүн сыпайлар түзгөн­дүктөн, англиялык адабиятта сыпайлар көтөрүлүшү деп аталып калган. Анын башкы себеби 19-кылымдын орто ченинде колониячыл администрация та­рабынан жамааттык жер ээлеринен алынган са­лыктын кескин көбөйүшү, брахмандарга тие­шелүү артыкчылыктын жоюлушу, сыпайларга бериле турган маянанын азайышы болгон. Ко­лониялык эзүүнүн кесепети ж-а англиялык товар­лардын өтө көп келиши кол өнөрчүлөрдү ай­рыкча жабыркаткан. Көтөрүлүштүн негизги кый­мылдаткыч күчүн эл массасы – болгондо да дый­кандар жамааты түзүп, жетекчилик ролду фео­далдар ойногон. Көтөрүлүш 1857-жылы 10-майда Мирут шаарында башталган. Адегенде сыпайлардын 3 полку көтөрүлүп, алар Делиге карай бет ал­ган. Ошол замат аларды делилик сыпайлар м-н жергиликтүү эл колдоп кеткен. Улуу Моголдордун ди­настиясынын бийлигин калыбына келтирүү башкы ураанга айланып, падыша Бахадуршах IIни да ушул чакырыкка кол коюуга мажбур кылышкан. Канпур, Лакхнау шаарларында да көтө­рүлүшчүлөрдүн аскери топтолуп, жер-жерлерде өз алдынча өкмөттөр пайда болгон. Бирок, коз­голоңчулардын арасынан өз ара чыр-чатак чы­гып, Канпур шаарынан башка жерлерде башкаруу­ну жеткире уюштура алышкан эмес. Көтөрү­лүшчүлөрдө жалпы жетекчиликтин ж-а бирдик­түү аракеттенүү планынын жоктугу алардын жеңилип калышын шарттаган. Англиялык колония­чылар тез эле Ганг өрөөнүндөгү көтөрүлүштү бас­кан ж-а демилгени өз колуна алууга жетиш­кен. 1857-жылы англиялык аскерлердин чабуулу башта­лып, июнда Бенарес, Аллахабад, сентябрда Де­ли шаарлары алынып, көтөрүлүштүн убактылуу бор­бору Ауд шаары болуп калган. 1858-жылы 19-марттам Лакхнау англичандардын колуна өткөн. Ушун­дан баштап көтөрүлүшчүлөр партизандык согуш­тун ыкмасын колдоно башташкан. Англиялык аскер­дин абалы оорлошуп баратканын көргөн коро­лева Виктория 1858-жылы 1-ноябрда көтөрүлүшкө ка­тышкан феодалдардын күнөөсүн кечип, алардын артыкчылык укугун калыбына келтирген мани­фестке кол койгон. Натыйжада, феодал төбөл­дөрү көтөрүлүштөн кол үзгөн. 1859-жылдын ап­релинде колониячыл аскер партизандык согуш­ту баскан. Индия элдик көтөрүлүшүнүн жеңилишинин башкы се­беби англиялык аскердин согуштук артыкчылыгы, ин­диялык дыйкандар м-н феодалдардын ар башка максатты көздөшү ж-а сыпайлардын бытыран­дылыгы болгон. Бирок көтөрүлүш жеңилгени м-н дыйкандардын кийинки нааразылыгынан чо­чулаган англиялык бийлик өз саясатын өзгөртүп, феодалдык кысымды чектеген мыйзам кабыл алууга маж­бур болгон ж-а Индияны башкаруу Ост-Инд ком­паниясынан Англиянын өкмөтүнө өткөн.