КАМЫШАНОВКА БАТКАК КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМЫША́НОВКА БАТКАК КЕНИ Чүй обл-нун Сокулук р-нунда. Камышановка кыш-нын жа­нында, Чүй суусунун боюнда, деңиз деңг. 600 м бийикте жайгашкан. 1964-ж. табылып, 1965– 66-ж. кендин батыш бөлүгү чалгындалган. Кен аймагы чым көңдүн тектирчеленген бир нече катмарынан түзүлгөн. Эң үстүндө калыңдыгы 0,4–0,7 м чым көң, астында кара түстөгү, илээш­чек ылай аралашкан өтө чириген (99%) чым көң катмары жатат. Ылайлуу чым көң баткагы да­рылык касиетке ээ. Анын калыңдыгы 1,5–2 м. Баткак аз минералдашкан (2,6 г/л), күкүрттүү суутек (Н2S) 23,7%ке жетет. Баткактын ным­дуулугу 36–75%, кум м-н булганышы 0,02–0,2%. Кендин жалпы аянты 40 га. Чыгыш бөлүгүндөгү запасы 670 миң r. Баткак Бишкектеги дарылоо мекемелеринде ж-а Ысык-Ата курортунда ке­ңири пайдаланылат.