КАМЧАТКА (жарым арал)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМЧА́ТКА – Азиянын түн.-чыгышындагы жарым арал. Россиядагы аянты б-ча Таймыр­дан кийинки 2-жарым арал. Батышынан Охо­та деңизи, чыгышынан Тынч океан ж-а Беринг деңизи м-н чулганат. Түн., түн.-чыгыштан түш.- батышты карай 1200 км аралыкта созулуп жа­тат. Туурасы 450 кмге чейин. Аянты 370 миң км2. Кууш (100 кмге чейин) Параполь мойногу аркылуу материк м-н туташат. Чыгыш жээги

Батыш Камчатка.

булуң-буйткалуу (ири булуңдары: Кроноцкий, Камчатка, Корфа ж. б.), батышы тегизирээк. Жарым аралдын борб. бөлүгүндө жарыш жат­кан кырка тоолор (Ортолук ж-а Чыгыш) созу­луп жатат. Алардын аралыгында Борб. Кам­чатка ойдуңу жайгашкан. Ойдуң аркылуу Кам­чатка д. агат. К-да 160тан ашык жанар тоо бар, алардын аракеттегиси 29; а. и. Евразиядагы эң бийик жанар тоо – Ключи сопкасы (бийикт. 4750 м). «Камчатканын жанар тоолору» Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Ысык булактар көп, 100дөн ашык гейзер бар (эң ири­лери Гейзерлер өрөөнүндө). К. тектон. жактан альп бүктөлүшүнө кирет. Палеозой, мезозой ж-а кайнозой замандарынын геосинклиналдык комплекстери таралган. Көмүр, алтын, күмүш, сымап, полиметалл ж. б. кендери бар. Мине­ралдык (көмүр кычкылдуу, азоттуу ж. б.), тер­миялык (суусунун темп-расы 100°Сге жеткен) суу булактарына (гейзерге, кайнар көлдөргө, бат­кактуу жанартоолорго ж. б.) бай, алар негизи­нен Чыгыш кырка тоосунда жайгашкан. Кли­маты түштүгүндө деңиздик, борборунда ж-а түндүгүндө мелүүн континенттик. Февралдын орт. темп-расы батышында –15°С, чыгышында 11°С, борб бөлүгүндө –16°С; августтуку ошол эле тартипте 12°С, 12,5 ж-а 16°С. Жылдык жаан-

чачыны 600дөн 1100 ммге чейин. Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 866 км2. Ири дарыялары: Кам­чатка, Авача, Чоң дарыя, Ича ж. б. Көлдөрү көп, алардын айрымдары кратерлерде (Хангар ж. б.) ж-а жанартоо кальдераларында (Кроноц­кий, Курил ж. б.) пайда болгон. Көп бөлүгүн чымдак-күл топурактуу кайың ж-а ийне жал­бырактуу токой ээлейт; тоо капталдарына жа­палак кедр, оёңдоруна шалбаа, түндүгүнө ма­мык чөптүү тундра мүнөздүү. Кроноцкий коругу бар. Жарым арал – Россиянын балык ө. ж-нын негизги борборлорунун бири. Батыш жээги – краб кармалуучу негизги район. Камчатка д. ар­кылуу кеме каттайт. Негизги порттору: Петро­павловск-Камчатский, Усть-Камчатск. Елизово ш-нда эл аралык аэропорт бар.


Ад.: Кащинцев Б. Камчатка сегодня и завтра. Пет­ропавловск-Камчатский, 1970; Мильков Ф. Н., Гво­зоецкий Н. А., Михайлов Н. Н. Физическая география СССР. Ч. 1–2. М., 1969–70; Развитие возобновляемых источников энергии в России: возможности и практика (на примере Камчатской области). М., 2006; Кам­чатский край // Большая Российская энциклопедия.
Т. 12. М., 2008.