КАМПАЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМПА́ЛА – Уганда Респ-нын борбору, шаар.
Борб. обл-нун адм. борбору. Виктория көлүнүн түн. жээгине жакын, деңиз деңг. 1300 м бийик­те жайгашкан. Калкы 1,5 млн (2008; өлкөдөгү эң ири шаар). Эл аралык аэропорту бар. 1890-ж. негизделген. 15-к-да Буньоро королдугунун ку­рамына кирген; 1905-ж. чейин Британия коло­ниялык администрациясынын резиденциясы болгон. 1949-жылдан шаар статусуна ээ. 1962- жылдын апрелинен Уганданын борбору (Энтеб­бе ш-нан кийин). Тамак-аш–татымал, текстиль, металл иштетүү ө. ж. ишканалары иштейт. Ун-т (1970, улуттук), ил. мекемелер (а. и. Уганда коому ж. б.), ин-ттар (а. ч. ж-а мал чарба про­дукциясын изилдөөчү, Чыгыш Африка регион­дук), калк китепканасы, археол. изилдөөлөр­дүн борбору, музей (Африка муз. аспаптары­нын кайталангыс коллекциясы сакталган), те­атрлар бар. Арх-ра эстеликтеринен Рубага со­бору, Буганда королдорунун күмбөздөрү сак­талган.