КАМЕРУН (Борбордук Африкадагы мамлекет)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМЕРУ́Н , К а м е р у н Р е с п у б л и к а с ы – Борб. Африкадагы мамлекет.

Түн.-батышынан Нигерия, түн.-чыгышынан Чад, чыгышынан Борб. Африка Респ., түштүгүнөн Конго Респ., Габон, Экватордук Гвинея өлкөлөрү м-н чекте­шет. Батышынан Бонни булуңу (Атлантика океа­нындагы Гвинея булуңунун бир бөлүгү) м-н чулганат; жээк сызыгынын уз. 402 км. Аянты 465 миң км2. Калкы 19 млн (2008). Борбору – Яунде. Расмий тилдери – француз ж-а англис тилдери. Акча бирдиги – КФА франкы. Адм.- айм. жактан 10 провинцияга бөлүнөт (к. таб­лицаны).
К. – БУУга (1960), Африка союзуна (1963), ЭВФке (1963), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкына (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995), Шериктештикке (1995) мүчө.

Мамлекеттик түзүлүшү

. К – унитардык мам­лекет. К-дун Конституциясы 1972-ж. 2-июнда

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008)
Провинция Аянты, миң км2 Калкы, миң Адм. борбору
Адамава 63,7 897 Нгаундере
Батыш 13,9 2427,0 Бафусам
Борбордук 68,9 2991,8 Яунде
Жээк 20,2 2454,1 Дуала
Түндүк 65,6 1509,5 Гаруа
Түндүк-Батыш 17,8 2241,3 Баменда
Түштүк 47,1 677,1 Эболова
Түштүк-Батыш 24,5 1518,0 Буэа
Четки түндүк 34,2 3361,5 Маруа
Чыгыш 109,0 936,9 Бертуа

референдумда кабыл алынган. Башкаруу фор­масы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – бүткүл эл тарабынан 7 жылдык мөөнөткө шайланган президент. Ал куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы болуп саналат ж-а премьер-министрди, өкмөт мүчөлөрүн, сот­торду, провинция губернаторлорун дайындайт.
Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – кош па­латалуу парламент. Төмөнкү палатасы – Улут­тук чогулуш (180 депутаттан турат, 5 жылга шайланат). Жогорку палатасы – Сенат (100 се­натордун 30ун президент дайындайт, 70и кы­йыр шайлоо жолу м-н шайланат). Аткаруу бий­лигинин жогорку органы – премьер-министр же­тектеген өкмөт. Өкмөт кабинетинин мүчөлөрү Премьер-министрдин сунушу м-н президент та­рабынан дайындалат. Өкмөт парламенттин ал­дында жоопкерчиликтүү. К-да көп партиялуу система орун алган. Негизги партиялары: К. элинин демокр. биримдиги (КЭДБ), Социал-де­мокр. фронт (СДФ), Прогресс ж-а демокр. үчүн улуттук союз, К. демокр. союзу.

Табияты

. Бонни булуңун жээктей жазылыгы 130 кмге жеткен аккумуляциялык ойдуң созу­луп жатат; ал Камерун жанартоо массиви (бийикт. 4100 м, өлкөнүн эң бийик жери) м-н бөлүнгөн. Ойдуңдан К-дун басымдуу бөлүгүн ээле­ген денудациялык цоколдук бөксө тоо тепкич­тенип көтөрүлөт. Түш. бөлүгүнө (Түш. Камерун бөксө тоосу) бир аз күдүрлүү рельеф мүнөздүү, орт. бийикт. 600–900 м. Борб. бөлүгүндө би­йикт. 2460 мге жеткен Адамава тоолору (Ча­баль-Мбабо чокусу) жайгашкан; ал тектон. жа­ракалар м-н чектешип, жаш лава катмалары ж-а өчкөн жанар тоолордун конустары м-н та-

Бонни булуңу. Арткы планда Камерун жанартоосу.

таалданган; анын түндүгүндө жапыз (орт. би­йикт. 800–1000 м) Мандара тоолору жатат. Ада­мава ж-а Мандара тоолорунун аралыгында кат­марланган көтөрүңкү түздүк жайгашкан; ал ар­кылуу Бенуэ д. агат. Өлкөнүн четки түндүгүн Чад ойдуңунун көл-аллювийлүү жайпак түздүгү ээлейт. Анын бийикт 300 мдей, жамгырлуу се­зондо суу каптап калат. К-дун басымдуу бөлүгү

Африка платформасынын калканында жайгаш­кан. Кен байлыктары: нефть ж-а күйүүчү таби­гый газ (негизинен шельфтен казылып алынат), боксит, алтын, латериттик кобальт-никель-мар­ганецтүү кенташ, темир, уран, титан ж. б. К-дун аймагы экватордук ж-а субэкватордук климаттык алкактарда жайгашкан. Түштүгүнө дайыма нымдуу экватордук климат мүнөздүү; эң жылуу айынын (февраль же март) орт. темп-

Нымдуу экватор токою.

расы 24–28°С, эң суугунуку (июль же август) 22– 24°С. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү ички ай­мактарында 1500–2000 мм, жээктеринде 3000 мм; Камерун массивинин батыш ж-а түш.-батыш капталдарында 9655 ммге чейин (Дебунжа), Африканын эң нымдуу жери. Жээгинде (Дуала ш-нда) эң аз жаан-чачын декабрь–февралда, эң көп жаан-чачын (айына 800 ммге чейин) август­та жаайт. Түш. бөлүгүнүн ички аймактарына (Яунде ш.) жаан-чачындын эки жолку макси­муму (март–июнь ж-а сентябрь–ноябрь) мүнөз­дүү. Өлкөнүн түн. ж-а борб. бөлүктөрүнүн кли­маты субэкватордук, жайы жаанчыл, кышы кур­гакчыл. Кургакчыл мезгилинин узактыгы түш­түктөн түндүктү карай 4төн 7 айга чейин өсөт.
Айлык орт темп-расы борб. бөлүгүндө 20–21°Сден (декабрь–январь) 22–24°Сге (апрель–май), түздүктөрүндө ирети м-н 26°Сден 32–36°Сге че­йин. Жаан-чачындын өлчөмү Чад көлүнүн теге­регинде 500 ммден аз, кээде кургакчылык да болот.
Дарыялары жыш ж-а суусу мол. Өлкөнүн ба­сымдуу бөлүгү Атлантика океанынын, түн. чети ж-а түн.-чыгышы ички суу алаптарына кирет. Бонни булуңуна К-дун түш.-батыш ж-а борб. бөлүктөрү аркылуу Санага, Ньонг, Нтем, Вури ж. б. дарыялар агат. Түш.-чыгыш бөлүгүнүн суулары Санга д-нын түзүмүнө (Конгонун ала­бы) кирет. Адамава тоолорунан башталган Бе­нуэ д. Конгонун негизги куймасы болуп сана­лат. Логон, Шари, Дорма д. Чад көлүнө куят. ГЭСтер, суу сактагычтар бар.
Түш. бөлүгүнө кызыл-сары ферралит, борб. бөлүгүнө кызыл ферралит ж-а феррозем топу­рактары мүнөздүү. Чад көлүнүн ойдуңунда гид­роморфтуу ж-а шор топурактар басымдуу. Өлкө­нүн аймагынын 1/ бөлүгүн токой ж-а сейрек то­кой ээлейт. Түш. Камерун бөксө тоосунда ным­дуу, дайыма жашыл экватор токою таралган; анда акажу, азобе – темир дарак, эбен дарагы ж. б. баалуу дарактар арбын. Камерун масси­винин капталдарына дайыма жашыл токой, 3000 м бийиктен жогору тоо шалбаасы мүнөздүү.
Өлкөнүн борб. бөлүгүн жалбырагын күбүүчү дайы­ма жашыл токой, сейрек токой ж-а саванна ээлейт. Бенуэ түздүгүндө накта саванна, Чад кө­лүнүн ойдуңунда чөлдөшкөн саванна басымдуу. Жээктей мангр токою өсөт. Өлкөнүн экол. негиз­ги проблемаларынын бири – токойдун тез кы­йылып жатышы; себеби андан коммерциялык жыгач даярдоо (жашыруун дагы), о. эле токой­ду кыйып, а. ч. өсүмдүктөрүн (какао, май паль­масы, банан ж. б.) өстүрүү үчүн жер бошотуу.
Флорасынын курамында түтүктүү өсүмдүктөр­дүн 9000ден ашык түрү бар; Камерун жанартоо массивинин дайыма жашыл тоо токою ж-а өлкөнүн түштүгүндөгү дайыма жашыл нымдуу экватор токою эндемизми м-н өзгөчөлөнөт. Сүт эмүүчүлөрдүн 300дөн ашык (анын 42 түрү жого­луу алдында), куштардын 1000дей (18 түрү жо­голуу алдында), сойлоочулардын 200дөй түрү белгилүү. Токойлору айрыкча приматтары (го­рилла, шимпанзе, Преусс колобусу ж. б.) м-н өзгөчөлөнөт; о. эле африка пили, бегемот, то­кой антилопалары ж. б. мекендейт. Саванна­ларда туяктуулар (африка жанышы, кара ке­рик, жираф, антилопалардын түрлөрү) көп; жырткычтардан арстан, кабылан кездешет; ор­нитофаунасына чоң куштар (африка страусу, ма­рабу, тоодактар) мүнөздүү. Коргоого алынган та­бигый аймак өлкөнүн аянтынын 15%ин ээлейт; бирок алар расмий статус алганы м-н алардагы

Саванна. Бенуэ түздүгү.

өсүмдүктөр ж-а жаныбарлар дүйнөсү көп учур­да жоголуу коркунучуна кабылат. Коргоого алынган эң ири аймактар: Бенуэ, Буба-Нжида, Ваза, Кампо, Фаро, Коруп улуттук парктары, Бафиа, Жа, Дуала-Эдея резерваттары. Жа фау­налык резерваты Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Калкы

. К-дун калкынын көбү (74,7%и) ни­гер-конго тилдеринде сүйлөгөндөр: бантоид тил­дериндегилер – 63,2% (а. и. банту, бамилеке, яунде, булу, баса, бамум, видекум ж. б.); ада­мава-убанги тилиндегилер – 4,1% (түндүгүндө), банги тобу – 2%ке чейин (түштүгүндө), фульбе­лер – 7,4% (негизинен түндүгүндө). Түндүгүндө о. эле чад тилдеринде (10,9%), нил-сахара тилде­ринде сүйлөгөн элдер (0,7%) жашайт. К. креол­дору 11,5%ти түзөт; о. эле француз (0,2%) ж. б. да бар. Калкынын табигый өсүүсү 2% (2008). Төрөлүү (1000 тургунга 35 бала) өлүм-житимден (1000 тургунга 12,4 адам) дээрлик 2 эсеге ашык.
Калктын курактык түзүмү: 15 жашка чейин­ки балдар – 41,1%, 15–64 жаштагылар – 55,7%, 6

5 жаштан өткөндөр –

3,2%. Адам өмүрүнүн кү­түлгөн орт. узактыгы 53 жаш (эркектердики 52, аялдардыкы 54 жаш). Кал­кынын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 41 адам. Шаар калкы – 40%тен ашык.
Ири шаарлары: Дуала (калкы 1978,7 миң), Яунде (1676,6 миң), Гаруа (519 миң), Баменда (485,8 миң), Маруа (394,6 миң), Бафу­сам (347,5 миң), Нгаундере (282,5 миң), Бертуа (265,3 миң). Калкынын 40–63%и христиандар, анын 23– 35%и к ат олик тер, 17– 28%и түрдүү протестант (англикандар, баптисттер, пресвитиандар), 0,2–0,5%и пра восл авныйлар ; 20– 35%и мусулман-сүннөттөр; 22–40%и жерг. диндерди тутунгандар.

Тарыхы

. Маруа, Яунде, Окола, Ягуа аймактары­нан табылган таш доору­нун эстеликтери К-да адам эзелтен эле жашаганды­гын айгинелейт. Байыркы калкы – пигмейлер. Неги­зинен дыйканчылык, мал чарбачылык, балык уулоо­чулук, аңчылык м-н кесип­тенишкен. Б. з. ч. 1-миң жыл дык т ын орт ос у нан Түн. К. аймагында (Логона м-н Шари д-нын ор­тосундагы аймак) сао мад-ты өнүккөн. 16-к-да бул жерде Макари, Афаде, Гульфей, Кауфе, Ло­гон-Бирни шаар-княздыктары пайда болгон. 17- к-да Борнуга көз каранды Мандара феодалдык султандыгы түзүлгөн. 18-к-да негизинен К-дун түн. аймактарында ислам дини пайда болгон. 18-к-дын аягы – 19-к-дын башында көчмөн фульбелер Мандара султандыгын басып алып, Түн. ж-а Борб. К-га ламидаттардын бир катар феодалдык мусулман княздыктарын негиздеген. 18-к-дын башында Борб. К-да пайда болгон Ба­нум (Бамум) уюмунун башчылары К-дун түш. аймактарына фульбелердин кирүүсүн токтоткон. 18-к-да Банумдун түш.-батышында Бамилеке мамлекети түзүлгөн. 1472-ж. Руя ди Сикейра же­тектеген португалиялык моряктар жээкке түшүшкөн. 16-к-дын аягында нидерланддар, 18- к-дын башында британиялык, фр., германия­лык соодагерлер ж-а миссионерлер К-га келе баштаган. Европалыктардын соода далдалчы­лары дуала уруулары (17-к-дын башында Атлан­тика жээктерине көчүп келген) болгон. К-дан Америкага кул, Европага пил сөөгү, пальма майы жөнөтүлүп, ордуна арак, тамеки, тек­стиль, от атма куралдар ж. б. алынып келген. Дуала урууларынын мамлекети европалыктар м-н жүргүзүлгөн сооданын негизинде өнүккөн. 1884-ж. герман өкмөтүнүн эмиссары Г. Нахти­галь Дуаланын уруу башчыларына 30 жылдык протекторат ж-дөгү келишим таңуулаган. К-дагы германиялык колониянын чек арасы Улуу Бри­тания (1885, 1886, 1893) ж-а Франция (1885, 1894, 1911) м-н түзүлгөн келишимдер б-ча белгилен­ген. 1916-ж. февралда биринчи дүйнөлүк согуш­тун мезгилинде К-ду Англия-Франция армия­сы басып алып, мартта өз ара бөлүшүп алган. Версаль тынчтык келишими (1919) б-ча Гер­мания К-дагы өзүнүн ээликтеринен айрылган. 1922-ж. июлда Улуттар Лигасы Чыгыш К-ду Францияга, Батышын Улуу Британияга берген. 1924-ж. Батыш К. британдык Нигерия колония­сына кошулган. Экинчи дүйнөлүк согуштан ки­йин (1946) К-дун эки бөлүгүндө мандаттык ре­жим БУУнун опекасындагы аймак статусу м-н алмашылган. 1940-жылдардын экинчи жары­мында Чыгыш ж-а Батыш К-да биригүү ж-а көз каранды эместик үчүн кыймыл күч алган. Аны Чыгыш К-да 1948-ж. негизделген К. элдеринин союзу (КЭС) жетектеп, Франция өкмөтүнүн ага тыюу салганына (1955) карабастан, колониялык бийликке каршы партизандык согуш жүргүзгөн. 1957-ж. француз өкмөтү Чыгыш К-га «опекада­гы автономиялуу аймак» статусун ыйгарган. Батыш К-да К. улуттук федерациясы (1949) ж-а К. бириккен улуттук конгресси (1951) көз каран­дысыздык үчүн күрөшүп, 1953-ж. К. улуттук кон­гресси партиясына бириккен. 1954-ж. Түш. К. британдык Нигерия курамындагы автономия­луу район статусуна ээ болгон. 1959-ж. БУУнун Генералдык Ассамблеясы Чыгыш К-га көз ка­рандысыздык берүү чечимин жарыялаган. 1960-ж. 1-январда К. Респ. түзүлүп, БУУга мүчө болгон. Нигерия 1960-ж. октябрда көз каранды­сыз деп жарыялангандан кийин 1961-ж. февралда Батыш К-да өткөрүлгөн плебисциттин натыйжа­сында Түн. К. Нигерия Федерациясына кошу­лууну, Түш. К. К. Респ-на биригүүнү каалаган. 1961-ж. 1-октябрда курамына К. Респ. (Чы­гыш К.) ж-а Батыш К. кирген (мурдагы Түш. К.) К. Федерация Респ. (КФР) түзүлүп, К. сою­зунун (КС, 1958-ж. негизделген) лидери Ахмаду Ахижо президент ж-а федералдык өкмөттүн баш­чысы болгон. 1972-ж. 20-майдагы референдум­да КФР Бирдиктүү К. Респ. (БКР) болуп кайра түзүлгөн. 1982-ж. А. Ахижо отставкага кетип, ордуна П. Бийя келген. 1984-ж. 25-январда өлкө К. Респ. деп аталган. 1990-ж. К-да көп партия­луу система киргизилген. Өлкөдөгү президент­тик шайлоолордо (1992, 1997, 2004) П. Бийя кайрадан президент болуп шайланган.

Чарбасы

. К. Африкадагы экон. өнүгүүсү турук­ташып калган өлкөлөрдүн катарына кирет. ИДПнин көлөмү 40 млрд доллар, аны киши ба­шына бөлүштүргөндө 2,3 миң доллардан туура келет (2007). ИДПнин реалдуу өсүүсү 3,2% (2007). Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,532 (2005; дүй­нөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 144-орунда). ИДП-нин структурасында айыл, токой ж-а балык чар­баларынын үлүшү 44,3%, тейлөө чөйрөсүнүкү 39,8%, ө. ж-ныкы 15,9%. Кен байлыктары кыйла арбын болгону м-н алар дээрлик пайда­ланылбайт. Эң маанилүүсү нефть (ИДПнин 8% тейи, товардык эк спорт тун нарк ынын 30%и); ал негизинен Атлантика океанынын шельфинен сордуруп алынат. Нефть ылгоочу жалгыз з-ду – Лимбе ш-нда (кубаттуулугу сут­касына 45 баррель). 2004-ж. уз. 1000 кмдей бол­гон К. – Чад нефть кууру иштей баштаган. Түстүү металлургиянын башкы тармагы – алюминий ө. ж. (негизинен импорттук сырьё м-н иштейт). Түн.-Батыш провинциясында боксит кени ка­зып алынууда. Алюминий эритүү з-ддору неги­зинен Гвинеянын бокситинде иштейт. 2006-ж. 87 миң T уютулган алюминий өндүрүлгөн. Чек­телүү өлчөмдө алтын ж-а алмаз казылып алы­нат. 2005-ж. 4,09 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн; керектелгени 3,4 млрд кВт.с. Иш­теп жаткан электр станцияларынын жалпы кубаттуулугу 933 МВт, анын 77%и ГЭСке, 23%и ЖЭСке таандык. Ири ГЭСтери Санага д-на, ири ЖЭС Гаруа ш-на жакын курулган. Не­гизги индустриялуу зоналар Жээк (Дуала) ж-а Борб. (Яунде) провинцияларында калыптанган.
Башкы ө. ж. тармактарынын бири – тамак­аш ө. ж. ишканалары а. ч. сырьёлорун иште­тет, о. эле суусундук, пиво, өсүмдүк (пахта, паль­ма, күнжүт, жер жаңгак, какао) майларын, кант, ун, чай чыгарып, балык ж-а деңиз продук­туларын иштетет. Текстиль ө. ж. мурдатан эле өнүккөн (импорттук синтездик сырьё ж-а жерг. пахта пайдаланылат). Жип ийрип-токуучу ком­бинат, булгаары ж-а булгаары-бут кийим, таме­ки, хим. продукцияларды, минералдык жер се­мирткич, самын, кир жуугуч айна чыгаруучу, каучукту алгачкы иштетүү ишканалар бар. Ме­талл иштетүүчү, автомобиль жыйноочу, велоси­пед, моторлуу велосипед, тиричилик электро­никасын, радиоаппаратура ж. б. чыгаруучу иш­каналары иштейт.
Тропиктик баалуу дарактарды (сапеле, азобе, акажу, сипо, дусье, обече, иломбо ж. б.) даяр­дайт. Токойду мыйзамсыз кыюудан өлкө жы­лына 5,4 млн доллар зыян тартат. 2004-ж. 11 млн м3 жыгач даярдалган. Анын 60%ке жакы­ны экспортко, негизинен Европа Союзунун өлкөлөрүнө чыгарылат. Курулуш материалда­рын даярдоочу ишканалары жерг. табигый ку­рулуш сырьёлорун (акиташ теги, чопо, мергель, гипс, квацтуу кум) пайдаланат. Майда кол

Банан жана жүгөрү талаасы.

өнөрчүлүк (жыгачты ж-а пил сөөгүн оймо-чий­мелеп кооздоо, карапа өндүрүшү, саймачылык) өнүккөн.
А. ч-нда майда дыйкан чарбалары басымдуу. Айдоо жер өлкөнүн 13% аянтын ээлейт. Негиз­ги экспорттук өсүмдүгү – какао (2005-ж. 180 миң T какао даны даярдалган; дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт). Какао эгилген жер­дин жалпы аянты 400 миң га. О. эле бал ка­мыш, банан, пахта, кофе, май пальмасынын экспорттук мааниси бар. Негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү: плантейн, кассава, таро, жүгөрү, ак жүгөрү, ямс; о. эле жашылча, мөмө-жемиш, гевея, чай, жер жаңгак, күнжүт, тамеки ж. б. өстүрүлөт. Мал чарбасы цеце чымынынын чагуу­сунан ж. б. тропиктик оорулардан пайда бол­гон трипаносомоз ылаңынын кеңири таралы­шына байланыштуу анча өнүккөн эмес. Шаар­лардын чет-жакаларында чочко ж-а куш чар­балары тез өнүгүүдө. 2004-ж. 5600 миң бодо мал, 4400 миң эчки, 3800 миң кой, 1350 миң чочко, 17 миң жылкы, 31 млн үй кушу болгон. Жы­лына 108 миң T балык кармалат.
Транспорт тармагы начар өнүккөн. Автомо­биль жолунун уз. 50 миң км, т. ж-унуку 1 миң км; негизги магистралы – Транскамерун т. ж. (885 км) Дуала – Нгаундере ш-н туташтырат.
Ири деңиз порттору: Дуала-Бонабери, Лимбе, Криби. Деңиз транспорту аркылуу сырткы соо­да жүгүнүн 95%тен ашыгы ташылат. Негизги ички деңиз жолу – Бенуэ д. (жаан катуу жаа­ганда кеме жүрүү чектелет). Өлкөдө 45 аэропорт бар; эл аралык аэропорттору Яунде, Гаруа, Дуа­ла ш-нда жайгашкан. Нефть куурунун уз. 1107 км, газ куурунуку 70 км. Экспортко нефть ж-а нефть продуктуларын, алюминий, жыгач, какао даны, кофе, пахта чы­гарат; негизги кардарлары: Испания, Италия, Франция, Түш. Корея, Нидерланд, АКШ, Бель­гия. Транспорт каражаттарын, машина ж-а жаб­дууларды, азык-түлүк, отун, хим. жер семирт­кич, керектелчү товарларды Франция, Нигерия, Кытай, Бельгия, АКШдан сатып алат.

Маданияты

. К-да окуу жайларын башкаруу Жогорку билим берүү министрлиги, Жаштарга тех. билим берүүнүн мамл. секретариаты, Улут­тук билим берүү министрлиги тарабынан ишке ашырылат. К-да билим берүүнүн эки системасы түзүлгөн. Өлкөнүн батыш бөлүгүнө британдык, чыгышына фр. система киргизилип, окутуу К-дун батышында англис тилинде, чыгыш бөлүгүндө француз тилинде жүргүзүлөт. Өлкөдө мамл. ж-а конфессиялык (католиктик) мектеп­тер, 7 жылдык кесиптик-тех. лицейлер бар. 15 жаштан жогорку курактагы калктын сабаттуу­лугу 59,2%ти түзөт. 30дан ашык ЖОЖ (ун-т, ин-т ж-а жогорку мектептер) иштейт. Яунде ка­толик ун-ти ж. б. Яундеде Улуттук архив (1952), Улуттук китепкана (1966) ж. б., Яунде, Фум­бан ж-а Жангда Камерун иск-во музейлери, Ба­мендада Эл аралык музей ж-а Акум (1948) ки­тепканасы ж. б. жайгашкан.
К-да 1960-жылдан француз ж-а англис тилде­ринде өкмөттүк гезит-журналдар чыгат. 1978- жылдан «CamNews» маалымат агенттиги, 1955- жылдан радио уктуруулар, 1986-жылдан те­лекөрсөтүүлөр иштейт. Аны англис, француз, араб ж-а жерг. тилдерде «Cameroon Radio Television» (CRTV) мамл. компаниясы ишке ашырат.
К. элинин фольклору бай. К-дун ад-ты неги­зинен француз ж-а англис тилдеринде өнүккөн. 1950–60-жылдары К. ад-тында Монго Бетинин, Ф. Ойононун социалдык-турмуштук чыгарма­лары, повесттери ж-а романдары, көз каран­дысыздык үчүн күрөш мезгилинде элдик ыр салт­тарынан башат алган поэзия (Хаж аль-Мукра­на, Э. Эпанья-Йондо) жаралып, 21-к-дын башын­да П. Монгонун, Монго Бетинин романдары ке­ңири белгилүү болгон. 1950–60-жылдардын че-

Камерун акчасы.


Музгу турак жайы.

гинде китеп басуу иши өнүгө баштаган. 1966-ж. жазуучулар ж-а акындар ассоциациясы тү­зүлгөн.
Шари ж-а Логон д-нын жээктеринде – өлкөнүн түндүгүндө К. элинин байыркы арх-ралык эсте­ликтери сакталган. К-да музгу элинин жалаң чоподон тургузулган көмөргөн идиш сымал тамы башкалардыкынан өзгөчө. 19-к-да шаарлар (Яун­де ж. б.) пайда болуп, европ. типтеги имарат­тар курулган. Жыгачка оюу түшүрүү, карапа жа­соо, коло куюу, сайма өнөрү кеңири тараган. Улуттук иск-вонун гүлдөшүнө орчундуу салым кошкон живописчилер м-н скульпторлор: Абос­соло, Кенфак, Мпандо, кийинчерээк Момбе Мас­санга, Г. Муафо, Исам Канко ж. б. К. элдеринде (фульбе, хаус, пигмей ж. б.) ба­йыртадан салттуу муз. мад-ты болуп, өлкөнүн түн.-чыгыш райондорунда сакталып калган. Алар флейта, барабан, труба сыяктуу ж. б. муз. аспаптарды колдонушкан. 19-к-дын аягынан Дуала, Яунде ш-нда мад-т калыптана баштап, батыш тибиндеги бий оркестрлери (аккордеон, гитара, банжо, саксофон, контрабас) ж-а аскер үйлөмө аспап оркестрлери пайда болгон. 20-к­дын ортосунда К-дун бий ж-а музыкасына ла­тын амер. мад-ттын таасири тийген. 19-к-дын аягында К. салттуу музыкасын изилдөө (не­мис ж-а француз музыка таануучулары, каме­рундук музыка таануучу Э. Мохаммаду, авст­риялык окумуштуу Г. Кубик) иштери жүргү­зүлгөн. 1972-ж. К. композиторлор ж-а музыкант­тар уюму негизделип, салттуу музыка фестивал­дары өткөрүлөт. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында француз миссионерлеринин таасири м-н К. драматургия­сы өнүгө баштаган: Ф. Тонго Дибунду, К. Кве­ди, А. Ндумбе Мусинги ж. б-дын пьесалары дин майрамдарында көрүүчүлөргө тартууланган. 1955-ж. Яундеде С. Авон жетектеген К. Жаш артисттеринин ассоциациясы түзүлүп, «Эбута­нын үйлөнүшү», «Жумушсуз» пьесалары коюл­ган. 1961-ж. Дуалада К. элдик театры (жетек­чиси Боэ-а-Аманга), 1974-ж. Улуттук театр не­гизделген. 1970–2000-ж. К. белгилүү драматург­дары: П. Ндеди Пенда, П. Ассенг, П. Монго, Ж. Дохо, В. Эпи Нгоме, режиссёрлору: Э. Кеки Маньо, А. Банг. Учурда Дуалада «Жашыл те­атр», Э. Пендин «Көчмө театры», «Дуал арт» маданий борбору иштейт. 1960-ж. чейин К-да чет элдик режиссёрлор (а. и. француз режиссёру Ж. Ж. Жене) кино тартыш­кан. К. кинематографтарынын этногр. мүнөздөгү алгачкы иштери – Т. Сити-Белланын «Ошол жак­та Парижде» (1963), Ж. П. Нгассанын «Бамбили­кенин чоң үйү» (1966) ж. б. Маалымат министрли­гинин алдында кино иштери б-ча бөлүм (1966) ж-а кино өндүрүштүн финансылык фонду (1973) түзүлгөндөн К. улуттук кино иск-восу өнүгө баш­таган. Көптөгөн кинематографисттер чет өлкөдөн (Франция ж. б.) атайын билим алышкан. Бел­гилүү кинорежиссёрлору: Ж. П. Диконг-Пипа, Д. Камва, Ж. П. Беколо ж. б.


Ад.: Африка. Энциклопедический справочник. Т. 1. М., 1986; Многоликий мир африканского кино. М., 1993; Соколов А. Г. Республика Камерун. Справочник. М., 1996; 1000 футболистов. М., 2007; Камерун // Большая Российская Энциклопедия. Т. 12. М., 2008.

Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.