КАМЕНСКИЙ Михаил Давыдович
КАМЕ́НСКИЙ (Э й д и с) Михаил Давыдович (декабрь, 1889, Киев губерниясы, Звенигород уезди, Шпола кыш. – ө. ж. ж-а жери белгисиз) – сов. ж-а парт. ишмер. Москвадагы 2 жылдык марксизм-ленинизм курсун (1926) бүтүргөн. Падышалык бийлик тушунда рев-ялык ийримдерге катышкан деген айып м-н камалган (1907). 1907–11-ж. түрмөдө отуруп, жашыруун рев-ялык иштерди жүргүзгөн. 1911–17-ж. армияда кызмат өтөп, 1918–19-ж. Украинада ар кандай парт., сов. кызматтарда, 1921–24-ж. Томск губерниялык к-тинде уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1924-жылдан РКП(б) БК О. Азия б-ча бюросунун Фергана обл. бөлүмүнүн башчысы, 1924-ж. ноябрдан 1925-ж. августка чейин партиянын Кыргыз обкомунун 1-секретары. К. чарбалык тажрыйбасы жок, сабаты тайкы ж-а жерг. элдин маданий-турмушун жакшы билбегендигине карабастан, саясий багытты түшүнгөн, жазма ж-а оозеки көрсөтмөлөрдү, парт. чечимдерди так аткарган. Өздөрүн батрак катары көрсөткөн адамдарга (Кудайкулов, Бабаханов) таянып, Кыргыз обкому ж-а обл. аткомундагы жооптуу кызматкерлерди (жерг. лидерлерди) Москвадан чакырылган адистер м-н алмаштыруусу кыргыз жетекчилердин нааразычылыгын туудурган. Натыйжада И. Айдарбеков, Т. Кудайбергенов, А. Сыдыков ж. б. башында турган топ обкомдун туура эмес линиясына каршы кат даярдап, ага 30 киши кол койгон. Ал кат тарыхта «отузчулардын арызы» же обкомго каршы манифест катары белгилүү. Улут саясатын ишке ашырууда мекеме-ишканаларда кыргыз тилинин абалынын төмөндүгү, мамл., парт. аппаратка кадр тандоодо жеке адамдын көз карашы, кыргыз кадрларын бийликтен четтетүү, куугунтукка алуу ж. б. облустагы саясий абалдын курчушуна, ачык күрөшкө алып келгендиги катта көрсөтүлгөн. 1925-ж. 29–30-июлда РКП(б) нин О. Азия б-ча бюросунун жыйыны текшерүү комиссиясынын докладын угуп, «отузчулардын арызын» ж-а аракетин партияга каршы, улутчулдук, бай-манаптык топ катары баалаган. К. 1926–41-ж. Түн. Кавказ крайкомунда, Чечен обл. парт. уюмунда, Шахты, Саратов, Ярославль ш-нда парт. жооптуу кызматтарда, 1941–44-ж. Кырг-ндагы Красная Речка МТСинин директору, 1945-жылдан СССР а. ч. министрлигинин Башкы башкармалыгында улук экономист болуп иштеген.