КАМБИЙ
КА́МБИЙ – өсүмдүк сабагы м-н тамырын түзүүчү ткандын (меристеманын) бир түрү. Ал сабактын ж-а тамырдын кабыгы м-н жыгачынын аралыгында же өткөргүч боочолордун флоэмасы м-н ксилемасынын ортосунда жайгашкан. К. клеткаларынын бөлүнүп көбөйүшүнөн орган жооноёт (туурасынан өсөт). Ал ич жакка 2-ксилеманын, сырт жакка 2-флоэманын клеткаларын пайда кылып турат. Мелүүн алкакта К. кеч күздөн жазга чейин тыным абалында болот.