КАМАР АД-ДИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМАР АД-ДИН (т. ж. б. – 1390, Кул-и Качур, Моголстан) – Моголстан эмири (1368–90). Дуу­лат уруусунан. Мухаммед Хайдардын эмгегин­де түпкү теги эмир Байдагандан тараганы ай­тылат. Кийинки аталары Ордоби (Уртуби) бо­луп, Чагатай ага Кашкарды энчилегендиктен, алардын тукуму Кашкарды бийлеп келген. Туг­лук Тимурду Моголстанга хан (1347–62) көтөр­гөн К. а.-Д-дин агасы Пулатчи (Буладжи) эмир болгон. Пулатчи өлгөндө Туглук Тимур анын баласы, 7 жашар Худайдадга улусбеги наамын берген. К. а.-Д. ага таарынып калып, Туглук Тимур өлгөндөн кийин такка анын уулу Иляс (Илйас) кожону отургузган. Бирок 1363-ж. коз­голоң чыгарып, бир күндүн ичинде Иляс кожо м-н кошо такка ээ болууга укугу бар ондон ашык мураскорду өлтүргөн. Натыйжада Иле, Чүй сууларынын аралыгы ж-а Ысык-Көл ай­ланасы анын кол алдында калган. Темир («Аксак Темир») бир нече жолу (1375–78, 1383) К. а.-Д-ге каршы жүрүш жасап, бирок ээли­гин карата алган эмес. 1380-ж. К. а.-Д. Тимурга каршы туруу ж-а көз карандысыз улус түзүү мак­сатында Алтын ордонун ханы Токтомуш м-н союз (аларга Инга төрө ж-а Хызр кожо да ко­шулган) түзгөн, бирок максаты ишке ашкан эмес.


Ад.: Бартольд В. В. Дуглат. Соч. Т. 5. М., 1968; Пищулина К. А. Юго-Восточный Казахстан в се­редине XIV – начале XVI в. А-А., 1977; Караев О. Чагатайский улус. Государство Хайду. Могулистан. Б., 1995; Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А. , 1 999 ; М ате риалы п о истории кыргы зов и Кыргызстана. Т. 1, Б., 2000.

Т. Асанов.