КАМАН МӨҢГҮСҮ
КАМАН МӨҢГҮСҮ – Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү, Кызыл-Суунун алабында. Уз. 12 км, аянты 27 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 6700 м, этеги 3700 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м. Абляциясынын аянты 7,7 км2. Мөңгүдөн Кызыл-Суунун сол куймасы Каман-Суу башталат.