КАМАГУЭЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМАГУЭ́Й – Кубадагы шаар. Камагуэй про­винциясынын адм. борбору. Атибонико д-нын өрөөнүндө, Гаванадан түш.-чыгышта жайгаш­кан. Калкы 309,5 миң (2008); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 3-шаар (Гавана, Сантьяго-де-Ку­бадан кийин). Эл аралык аэропорту бар. 1514-ж. Кубанын губернатору Веласкес де Куэ­льяр тарабынан негизделген. 1817-жылдан шаар статусуна ээ. 1903-жылдан азыркыдай аталат.
Чиркөөлөр, ак сарайлар, театрлар, бир нече ири аянттар сакталган. Ил.-из. мекемелер (а. и. ин­форматика ж-а технология башкармалыгы), айлана-чөйрөнү изилдөө борборлору, ун-т, ки­тепкана, архив, край таануу музейи, сүрөт гал. бар. Шаардын ө. ж. ишканалары негизинен а. ч. продуктуларын белендөөгө адистешкен. Сүт өндүрүү б-ча өлкөдө алдыңкы орунду ээлейт (жылына 70 млн л). Пиво ж-а суусундуктар­ды куюу өндүрүшү (Кубадагы эң ири), курулуш материалдар, мин. жер семирткичтер ж-а ре­зинадан буюм жасоочу ө. ж. ишканалары иш­тейт.