КАМА
КА́МА (удмуртча «кам» – дарыя, агым) – Россиянын европ. бөлүгүндөгү дарыя, Волганын эң ири (сол) куймасы. Куйбышев суу сактагычына куят. Уз. 1805 км, алабынын аянты 507 миң км2. Жогорку Кама дөңсөөсүнөн башталат. Башталышында нугу туруксуз, ийри-буйру. Вишеранын чатынан төмөн суусу мол дарыя. Агымы бир далай бөлүгүндө Кама, Вотка,

Төмөнкү Кама ГЭСтеринин плотиналары м-н жөнгө салынган; алардан жогору суу сактагыч курулган. Ири куймалары: Вишера, Яйва, Косьва, Чусовой, Ак-Эдил, Ик (сол), Иньва, Оква, Иж, Вятка (оң). Орт. чыгымы Пермь ш. тушта 1600 м3/сек, чатында 2770 м3/сек (эң чоңу 4100 м3/сек, эң азы 1780 м3/сек), агымынын көп жылдык орт. көлөмү 87,4 км3/жыл. Негизинен кар (60%), о. эле жер астындагы (25%) ж-а жамгыр сууларынан (15%) куралат. Жогорку агымында ноябрдын башынан, төмөн жагында ноябрдын аягынан апрелге чейин муз каптайт. Жогорку бөлүгүндө жыгач бириндетип агызы-
лат; Пермь ш-нан Москва, Нижний Новгород, Астрахань, Уфа ш-на чейин пассажир кемелери туруктуу жүрөт. Негизги шаарлары ж-а порттору: Соликамск, Березники, Пермь, Краснокамск, Сарапул, Набережные Челны, Чистополь.