КАЛЬЯН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ЛЬЯН – Индиянын батышындагы шаар.
Махараштра штатында. Араб деңизинин жээ­гинде, Улхас д-нын чатында жайгашкан. Кал­кы 1,3 млн (2008; Домбивли ш. м-н биригип кеткен). Т. ж. тоому. Мумбаи ш. м-н т. ж. ар­кылуу байланышат. Чоң Мумбаи агломерация­сына кирет. Алгач б. з. ч. 4-к-да порт катары эскерилет. 19-к-дын башында Бомбей про­винциясынын курамына (1947–60 Бомбей штатында) киргизилген. Машина куруу (электр жабдуулары), металл иштетүү, нефть ажыра­туу, хим. (боёктор, жуучу каражаттар ж. б.), текстиль (кебез-кездеме) ө. ж. ишканалары иш­тейт.