КАЛЬЦИТ
КАЛЬЦИ́Т (лат. calcis – аки), а к и т а ш ш п а т ы, карбонаттар классына кирүүчү минерал. Хим. формуласы CаCO3. Тригон системасында кристаллданат. Өңү ак, боз, каралжын, саргыч. Курамындагы киринди элементтерге жараша түрдүү түстө болот. Кээси түссүз. Мөлтүрөгөн тунуктары да кездешет. Кош чагылууну пайда кылган тунук түрү исланд шпаты деп аталат. Анын бетин чийсе, кош чийин болуп көрүнөт. Айнектей жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 3. Салыштырма салмагы 2,7. Суу кошулган туз к-тасын тамчылатсак, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарып, боркулдап кайнайт. Жер кыртышында кеңири тараган минерал. Акиташ, доломит, мрамор, бор

сыяктуу тектердин к у рам ында жолугат. Хим. чөкмөлөрдө (акиташ, доломит), гидротерм (кальцит тарамдары) ж-а метаморфизм процесс ин ен ( мр амор ) пайда болот. Жаныбарлардын скелеттерин, сөөксаактарын, раковиналарын түзүүгө катышат.
Курулуш ишинде, акиташ өндүрүүдө, металлургияда, хим., кагаз, резина ө. ж-нда, айнек жасоодо, полиграфияда колдонулат. Исланд шпаты микроскопто пайдаланылат.