КАЛЬЦИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ЛЬЦИЙ (лат. Calcium), Са – элементтердин мезгилдик системасынын II тобунда жайгаш­кан хим. элемент; ат.н. 20, ат. м. 40,08; ты­гызд. 1,54 г/см3; эрүү t 851°С; кайноо t 1492°С. Табиятта туруктуу 6 изотобу бар: 40Са, 44Са, 42Са, 48Са, 43Са ж-а 46Са. Табигый бирикмелери: СаСО3 – арагонит, CaMg(CO3)2 – доломит, CaF2 – флюорит, CaSO4–2H2O – гипс; Са3(РО4)2 – фос­форит ж. б. К. – күмүш сымал ак, жеңил ме­талл. Металл түрүндөгү К-ди 1808-ж. англ. хи­мик Г. Дэви алган. Жер кыртышында массасы б-ча 2,96%ти ээлеп, O, Si, Al, Feден кийинки 5-орунда турат. К. ысытканда бардык металлдар­ды алардын оксиддеринен, сульфиддеринен ж-а галогениддеринен сүрүп чыгарат. Кадимки темп­рада К. кычкылтек м-н реакцияга оңой кирип, СаОну пайда кылат, СаО сууда эрип, күчтүү не­гизди Са(ОН)2 берет. К. бардык к-та м-н реак­цияга оңой кирип, суутекти сүрүп чыгарат. Га­логендер м-н аракеттенип, тиешелүү туздарды, кургак суутек м-н аракеттенип гидриддерди, гра­фит м-н кошуп ысытканда, карбиддерди пайда кылат. К. эритилген СаСl2ни электролиздөө ж-а алюминотермиялык жол м-н алынат: 6CaO+4Al=2Al2O3+6Ca. Таза К. металлы цезий, рубидий, хром, цирконий, торий, ванадийдин бирикмелерин металлга чейин калыбына кел­тирүүдө ж-а болот иштетүүдө колдонулат. Тех­никада К-дин коргошун м-н куймасы, минерал­дары кеңири пайдаланылат. Мис., – курулуш материалдары өчүрүлгөн акиташ, цемент ж-а силикат кышын алууда, металлургияда, хим. ө. ж-нда К. карбидин, соданы, хлордуу акиташ­ты, жер семирткичтерди алууда, кант, айнек өндүрүүдө колдонулат. Бор, мрамор, талаа шпа­ты, гипс, флюорит ж.б-дын турмушта мааниси өтө чоң.