КАЛЬКА (башка тилдеги сөздүн которулуп алынышы)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ЛЬКА – башка тилдеги сөздүн, туруктуу сөз айкашынын жасалыш үлгүсүнө ылайыкталып, экинчи бир тилге которулуп алынышы же сөздүн да ошондой мааниге ээ болушу. К-нын лексикалык, фразеол., семантикалык деген үч т үрү бар. Сөздүн жасал ышы б-ча кандай бөлүктөрдөн, морфемалардан турганына карай которулуп алынышы л е к с и к а л ы к (мис., красный уголок – кызыл бурч), туруктуу сөз айкашынын сөзмө-сөз которулуп алынышы ф р а з е о л о г и я л ы к (мис., крылатая мысль – эркин ой), айрым (тике) маанилери б-ча дал келген сөздүн дал келбеген (көбүнчө өтмө) маа­нисине окшоштурулуп, экинчи тилдеги сөздүн да ошондой мааниге ээ болушу с е м а н т и к а­л ы к К. (мис., член – мүчө ж. б. ) болот.