КАЛЫПТООЧУ МАШИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЫПТООЧУ МАШИНА – курулушта ара­лашманы ныктоочу, куюлган буюмду (модел­ди) калыптан чыгаруучу машина. Ал мате­риалды куюудагы оор жумуштарды механика­лаштырып, куюу жолу м-н даярдалган нерсе­нин бекемдиги, тыгыздыгы ж-а өлчөмү бирдей, так алынышына мүмкүндүк берет. К. м-нын кол, кысоор пресс ж. б. м-н ныктоо ыкмалары бар. Кол м-н ныктоодо куюлган үлгүнү ажыратуу гана механикалаштырылган. К. м-нын меха-

низмин кыймылга келтирүүгө (пневматикалык, гидравликалык, механикалык, электр-магнит­тик), аралашманы тыгыздоо методуна (кагуу­чу, ныктоочу, дирилдетүүчү) ж-а калыптан чыгаруу ыкмасына жараша (штифт м-н көтө­рүп ажыратуучу, калыпты төмөн түшүрүп ажыратуучу, аңтарып ажыратуучу) түрлөргө бө­лүнөт.