КАЛЫПТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЫПТОО – куюлуучу материалдарды фор­мага келтирүү процесси. Кол ж-а машина м-н К. болуп айырмаланат. Кол м-н аз сандагы ж-а ири өлчөмдөгү, ал эми машина м-н көп сандагы ж-а ири өлчөмдөгү материалдарды К. жүргүзү­лөт. Оор ж-а чоң өлчөмдөгү куймалар кол м-н К-до куюлуучу нерсе үлгүсүнүн негизинде топу­рак формалуу рамада даярдалат. Ал үчүн К-чу цехте атайын чуңкурлар казылып, түбүнө суу кирбей тургандай бетон (кессон) төшөлөт. Анын түбүнө атайын газ өтүүчү материал жаткырылат ж-а ал төшөгү деп аталат. Майда куюлмаларды алууда кум-чопо аралашмасы ж-а ири өлчөмдөгү нерселерди куюда катуу материалдар төшөлөт. Машина м-н К-до, калыпты даярдоо операция­сы толугу м-н же кээ бир бөлүктөрү гана меха­никалаштырылып, автоматташтырылган. О. эле куюлмалардын тактыгы ж-а бышыктыгы кол м-н К-го караганда жогору болот.