КАЛЫҢ
КАЛЫҢ – турмушка чыгуучу кыздын ата-энесине келин алуучу тараптан берилген тартуу. К. никелешүүнүн негизги шарты болуп, негизинен малдан турган. Бай үй-бүлөлөр көпчүлүк убакта К. катары жамбы төлөшкөн. Мал м-н төлөгөндө тогуздап эсептелген. К. төлөөдө коомдогу мүлктүк мамилелер даана байкалган. Себеби, К-ды толук бойдон өз убагында оокаттуу, малдуу, урук-туугандуу үй-бүлөлөр гана төлөй алышкан. Кедей үй-бүлөлөр К-ды көп жылга чейин төлөй алышпагандыктан, баласы кеч турмуш курган. Шарт б-ча кудалашууда бычылган К. толугу м-н же бөлүк-бөлүк болуп төлөнгөн. К. төлөнүп бүткөндөн кийин гана үйлөнүү тоюна кам көрүлгөн. К. төлөө кыргыздын салттуу турмушунда үй-бүлөнүн эмес, уруктун жалпы иши болгон. Аны урукташтар чогуу көтөргөн. К. кыздын атасына гана эмес, уругуна төлөнгөн. Кийинчерээк, мындай көрүнүш өзгөрүүлөргө дуушар болуп, үй-бүлөнүн өз иши болуп калган.