КАЛПАКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛПАКОВ Байсерке (1882, Ысык-Көл обл., Тоң р-ну – 1941, Россия, Урал) – драматург, акын. 1910–11-ж. медреседен окуп, кийин ошол эле жерде мугалим болгон. К. 1918-жылдан «Тил­чи», «Көмөк», «Кембагалдар авазы», «Эркин- Тоо» гезиттеринде иштеген. «Талап» адабий ий­риминин мүчөсү катары контррев-ялык иштер­ди жүргүзгөн деген саясий күнөө коюлуп айдал­ган. Кол жазмалары сакталган эмес. Басма сөз беттерине жарыяланган ырлары, макалалары, фельетондору: «Биздин журт», «Май майрамы», «Акмат менен Байгана», «Кайгы күн – 21-ян­варь», «Сагынам», «8-март». Булардын ичинен «Акмат менен Байгана», «Сагынам», «Май майрамы» деген ырлары кыргыз акындарынын 1927-ж. Москвадан чыккан «Кызыл гүл» деген ыр жыйнакка кирген. К-дун ад-ттагы жашы­рын аты «Шоокум», сатираларын «Чанчуур» деген ат м-н жарыялап турган. Эл арасында «Байсерке чечен» деген ат м-н кеңири белгилүү болгон. К. ад-т майданында ар түрдүү жанрда иштеген. 1957-ж. 31-июлда акталган.