КАЛМАКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМАКТАР (өздөрүн к а л ь м г дешет) – Калмак Респ-нын жерг. калкы. Россия (Астра­хань, Волгоград, Ростов, Оренбург, Ставрополь, Сибирь), Украина ж-а Кырг-нда (ысык-көлдүк К. 6 миңдей), о. эле АКШ, Франция, Швейца­рия, Германия, О. Азияда да жашашат. Жал­пы саны 200 миңдей, а. и. 155 миңи Калмак­станда (2002). Калмак ж-а орус тилдеринде сүй­лөшөт. Динге ишенгендери негизинен буддизм (ламаизм), аз бөлүгү православие динин туту-

шат. К-дын байыр­кы ата-бабалары – батыш моңгол-ой­роттор, саясий би­рикмеге кирген дун-ху, сянби, жу­жан, кидандар. 12- к-га чейин Байкал өндүрү ж-а Енисей айм ак т арын ме - кендешип, кийин б ат ышты к өздө й жылышкан. 14-к­дын аягынан өзүн­чө феодалдык мам­лекетке – «дервен ордос у на» б ир и­гишкен.

Ойроттор 16-к-дын аягы – 17-к-дын 40- жылдарында Россия чегинде калмак эли бо­луп калыптанган. 1657-ж. В. Шуйскийдин ма­кулдугу м-н К. (дербет, торгут, хошеут, хойт ж-а чоростор) Россиянын курамына өткөн. 1664– 1771-ж. Калмак хандыгы өкүм сүргөн. 1771-ж. Калмак хандыгы жоюлуп, анын аймагында Аст­рахань губерниясы түзүлгөн. 1920-ж. Калмак АОсу түзүлүп, 1935-ж. Калмак АССРи болгон. 1994-жылдан Калмак Респ. деп аталган. К. мал чарбачылык, дыйканчылык, балык уулоочулук м-н кесиптенип, көчмөн турмушка ылайыкташ­кан, боз үй сымал салынган үй ж-а төрт дөң­гөлөктүү араба-боз үйлөрдө жашашкан. 19-к-дын башында калмак кыштагы пайда болуп, заман­бап турак жайлар курулган. Эркектер көйнөк­шым, узун этектүү чепкен, булгаары өтүк, май­рам күндөрү кызыл жибек баш кийим кийип, белине асемделген кур курчанган. Сол кулагы­на сөйкө, колуна шакек, билерик тагынып, бир өрүм чач өстүргөн. Аялдары узун, жеңсиз ти­гилген көйнөк, жеңи узун кофта, шым, өтүк кийип, кооздуктарды тагынышкан. Чачтарын узун өстүрүп, кыздар бир, аялдар 2 өрүм кылып өрүшкөн. Тамак-ашы негизинен – эт (ыштал­ган эт), сүт (айран, кымыз, май, курут, быштак ж. б.), дан азыктарынан даярдалат. К-дын баатырдык эпосу – «Жангар». Улуттук майра­мы – Цагалган, Үрүс Сар.