КАЛМАКСТАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМАКСТАН , К а л м а к Р е с п у б л и к а­с ы – Россиянын адм. субъектиси. Россиянын Европа бөлүгүнүн түштүгүндө жайгашкан. Түш.- чыгышынан Каспий деңизи м-н чулганат. Аян­ты 74,7 миң км2. Калкы 287,2 миң (2007); анын негизин калмактар (45,4%), орустар (37,7), дар­гиндер (4,0), о. эле казактар, немистер түзөт. Христиан (православие, протестант), буддизм ж-а ислам (мусулман) диндерин тутат. Борбору – Элиста ш. Адм.-айм. жактан 13 районго, 3 шаар­га бөлүнөт. Шаар калкы 44,2%. Ири шаарла­ры: Лагань, Городовиковск.
Түштүк Федерация округуна кирет. Мамл. бий­ликтин органдар системасы Калмак Респ-нын конституциясы тарабынан аныкталат. Закон чыгаруучу жогорку органы – Улуттук хурал (5 жылда бир шайланат; 27 депутаттан турат). Мамл. башчысы – президент.
Респ-нын табияты калктын жашоосу үчүн орточо ыңгайлуу. Шамалдын натыйжасында то­пурак эрозиясы пайда болуп, мал жаюуда тоо­токойлору деградацияга учурап, сугарууда то­пурактын шордонуусу экол. абалды өтө курчу­тууда. К. Каспий бою ойдуңунун батыш бөлүгүн, Ерген дөңсөөсүн ж-а Кума-Маныч ойдуңун ээлейт. Климаты кескин континенттик. Жайы ысык ж-а өтө кургак (120 күнгө чейин созулуп, чаң бороондору болуп турат), кышында кар аз жаайт. Январдын орт. темп-расы –5°С (түштү­гүндө), – 11°С (түндүгүндө), июлдуку 23,5–25,5°С; жылдык жаан-чачыны 180–210 мм. Ички суу­ларга жарды. Түн.-чыгышынан Волга (12 км), түштүгүнөн Кума д-нын бир аз бөлүгү өтөт. Май­да туздуу көлдөр ж-а лимандар бар. Калкты суу м-н камсыз кылуу үчүн 283 көлмө ж-а суу сактагыч курулган (жалпы көлөмү 50 млн м3). Талаа, жарым чөл ж-а чөл зонасында жайгаш­кан. Карбонаттуу кара топуракта шыбак-бая­лыштуу ар түрдүү өсүмдүктөр өсөт. Флорасында 900дөн ашык эндемиктер (а. и. 100гө жакыны дары-дармек өсүмдүктөрү) кездешет.
Бул аймакка калмактар 16-к-дын аягы – 17- к-да эле отурукташа баштаган. 17-к-дын 2-жа­рымынан 1771-ж. чейин Калмак хандыгы. 17– 18-к-да Россия империясынын курамында бол­гон. 1920-ж. Калмак АОсу түзүлүп, ал 1935-ж. АССР болгон. 1943-ж. автономиясы жоюлуп, калкы департацияланган. 1957-ж. автономия­сы калыбына келтирилген (1958-ж. чейин Кал­мак АОсу). 1993-ж. 11-апрелде респ-нын алгач­кы презинденти шайланып, 1994-ж. 5-апрелде конституциясы кабыл алынып, учурдагы ата­лышы бекитилген.
Экономикасынын негизин а. ч. түзөт. Жүн өн­дүрүү б-ча Россияда 3-орунда (7,3%). Региондук дүң продукциясынын көлөмү 11820,3 млн рубль. Андагы а. ч-нын үлүшү 9,1%, ө. ж-дыкы 7,8%. Ө. ж-нын негизги тармагы – отун (28,2%; 9 газ ж-а нефть кендери иштетилет). Ал кендерди иш­тетүүгө лицензия алган ишканалар: «ЛУКОЙЛ-Астрахань-морнефть», «Оникс Плюс», «Кав­казтрансгаз» жоопкерчилиги чектелген АКтар, «Калмнефть», «Калмгаз», «Калмыцкая нефте­газовая компания» ААК, «Калмпетрол» ЖАК ж. б. О. эле тамак-аш (сүт-эт, консерва, балык), жеңил (тигүү, трикотаж, мех), машина куруу, металл иштетүү ө. ж. ишканалары иштейт. Жа­ратылыш газы, нефть, курулуш материалдары (кум, чопо, үлүл-таш), калий, таш тузу ж-а до­ломит казылып алынат. Жер астынан (ичүүгө жарамдуу ж-а минералдуу) суулар чыгат. Агын суулары балыкка бай. Ички көлмөлөрүнүн аянты 50 миң га (а. и. балык промыселиники 30 миң га). А. ч-нын негизги тармагы мал чар­басы (жайытта багылма бодо мал, уяң жүндүү кой). Айрым райондорунда жылкы ж-а төө асы­ралат. А. ч-га жарактуу жери 4202,4 миң га (жер фондусунун 55,2%и), а. и. айдоо аянты 15,9%, 303,1 миң гасына дан эгиндери (76,7%), тоют өсүмдүктөрү (14,7%) өстүрүлөт. Жашылчачы­лык, бакчачылык ж-а элдик иск-восунун салт­туу түрлөрү – жыгачты бедерлөө, булгаарыга наар түшүрүү, сайма саюу, күмүштү сыялоо өнүккөн.


Ад.: Калмыкия// Большая Российская энциклопе­дия. Спец. том. Россия. М., 2004; Калмыкия // Большая Российская энциклопедия. Т. 12. М., 2008.

Т. Чодураев.