КАЛМАК-АШУУ (Кемин районундагы кыштак)
КАЛМАК-АШУУ – Чүй обл-нун Кемин р-нундагы кыштак. Чоң Кемин айыл округуна караштуу. Чоң Кемин суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 1530 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Кемин шаарчасынан 45 км. Кыштак 1936-ж. негизделген. Калкы 1001 (2009); негизинен мал м-н алектенип, дыйканчылыкта эмгектенет. Мектеп, ФАП бар.