КАЛЛАС Мария

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ЛЛАС (Callas; чыныгы аты-жөнү Калогеро­пулу) Мария (2. 12. 1923, Нью-Йорк – 16. 9. 1977, Париж) – грек ырчысы (лирика-драмалык сопрано). 20-к-дагы мыкты ырчылардын бири. 1937-ж. Афины консерваториясында окуган. 1942–44-ж. Афины опера театрларында ырдап чыккан. К. алгач Жоконданын партиясын («Жоконда», А. Понкьелли) аткарып тааныл­ган (1947, Арена-ди-Верона). 1951-жылдан «Ла Скала» (Милан) театрынын солисти. 1952-ж. «Ковент-Гарден» (Лондон) театры, 1954-ж. Чи­каго операсында, 1956-ж. «Метрополитен-опе­ра» (Нью-Йорк) ж. б. дүйнөнүн ири театрларында ырдаган. Адегенде белькантонун стилиндеги партияларды ж-а Вагнердин каармандарынын

М. Каллас. Тоска­нын ролунда. Ж. Пуч­чини, «Тоска».

(Изольда, «Тристан жана Изольда»; Брунгиль­да, «Валькирия»; Кундри, «Парсифаль») партия­ларын бирдей ийгилик м-н аткарган. Кийинче­рээк итал. романтикалык репертуарга көңүл бур­ган. Көрүнүктүү партиялары: Медея («Медея», Л. Керубини), Турандот (Ж. Пуччини), Ан­на Болейн («Анна Болейн», Г. Доницетти), Ле­ди Макбет («Макбет», Ж. Верди), Ифигения («Ифигения Тавридде», К. Глюк) ж. б. Киного да тартылган («Медея», П. П. Пазолини, 1969). Москвадагы П. И. Чайковский атн. 4-Эл ара­лык конкурстун калыстар тобунун мүчөсү бол­гон (1970). 1982-жылдан Афиныда вокалисттер­дин М. Каллас атн. эл аралык конкурсу өтүп турат.


Ад.: Тимохин В., М. Каллас // Выдающиеся итальян­ские певцы. М., 1962; Дюфрен К. М. Каллас. М., 2007. Н. Жылдызова.