КАЛКТЫН ИШ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛКТЫН ИШ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУУСУ – 1) чарбалык ж-а башка ишмердикке катышуу

б-ча адамдар ортосундагы өз ара алака-катыш­ты мүнөздөөчү экон. мамилелер; 2) жарандар­дын колдонуудагы мыйзамдарды бузбаган ж-а өздүк, коомдук керектөөнү канааттандырууну улантуучу ишмердиги. К. и. м. к. б. өздүк эмгек­ке негизделген киреше алууну болжолдойт. Ал коомдун, эмгек коллективинин, ар бир кызмат­кердин эмгекке жөндөмдүүлүгүн натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт. Иш м-н камсыз бол­гондукка коомдук пайдалуу ишмердик м-н алек­тенгендер: акы алуу м-н жалданып иштегендер (толук же толук эмес жумушчу күн же жума режиминде); жекече эмгек ишмердиги м-н алек­тенгендер; үй чарбачылыгында иштегендер; ас­кер кызматкерлери; ишкерлер; фермерлер; коо­ператорлор ж-а калктын башка категориялары кирет. Мындан тышкары анын үйдөн иштөө, окуучулардын бош убактысында иштөөсү, бир эле убакта бир нече жерде иштөө деген түрлөрү да бар. Рынок мамилелерине өтүү шартында биз­дин өлкөдө К. и. м. к. б. проблемасы курч кою­лууда. Айрым кесип ээлеринин ж-а адистердин жетишпегендигине карабастан, Кырг-ндын дээр­лик бардык райондорунда жумушсуздук өсүүдө. Бардык деңгээлдеги мамл. кызмат ишмердигин түп-тамырынан жакшыртуу маселеси турат. Убактылуу иштебеген жарандарга социалдык га­рантиялар, а. и. жумушсуздарга жөлөк пул ж-а анын үй-бүлө мүчөлөрүнө материалдык жар­дам төлөө маселеси келип чыгууда.