КАЛКА СУУСУНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ
КАЛКА СУУСУНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ (1223) – орус ж-а кыпчак аскерлеринин моңгол-татар аскерлери м-н алгачкы беттешүүсү. Бул салгылашуу 1223-ж. 31-майда азыркы Украинанын Донецк обл-ндагы Кальмиус д-нын куймасы Калканын (азыр Кальчик) жээгинде өткөн. 1222– 23-ж. моңгол аскерлери (30 миңдей) Түн. Кара деңиз өндүрү аймактарын басып алып, кыпчактарды талкалаган. Кыпчак ханы Котян жардам сурап, орус княздарына (Галиция князы, күйөө баласы М. М. Удатный) кайрылган. Натыйжада 1223-ж. Киевде орус княздарынын жыйыны өтүп, алар моңголдорго каршы жортуулга чыгарын билдиришкен. Бирок саны 20 миңге жетпеген орус ж-а кыпчактардын биргелешкен аскерлери Жебе ж-а Субэдей башында турган моңгол-татарлардан жеңилип, аман калгандары Днепрдин ары жагына качкан. Моңголдор кайрадан Калка суусунан өтүп, орус аскерлерин курчоого алган. Үч күн салгылаштан кийин, орустардын негизги аскер күчтөрү багынууга мажбур болгон, к. Моңгол империясы, Чыңгыз хан.
Ад.: Рашид-ад-Дин. Сборник летописей. Т. 1. М.; Л., 1952; Хара Даван Э. Чингис-хан как полководец и его наследия. А., 1992; Астайкин А. Первое столкновение русских с монголами // «Арабески» истории. М., 1996. Вып. 3.