КАЛКАН согуш куралы
КАЛКАН – жоокерчиликте найза м-н сайышканда, кылыч м-н чабышканда, коргонууга керектелүүчү согуш куралы.

К. алгач ар түркүн (тегерек, сүйрү, чарчы) түрдө жыгачтан же согулган чырпыктан, териден, сөөктөн, кийинчерээк ар түрдүү металлдан жасалып, жоокердин көкүрөгү м-н баш жагын гана коргогудай көлөмдө урунууга эптүү, тегерек болгон. К-дын ички бетинде колго кармап
алуучу атайы тагылган боо – бүлдүргөсү бар. Сырт жагы түрдүү түстө тартылган оймо-чийме м-н кооздолуп, сүрөт түшүрүлгөн. Жоокер сол колуна К. кармап, оң колуна кылыч же найза өңдүү куралдарын алып, жоо м-н беттешкенде, сол колундагы К. м-н тосуп же аны м-н кагып жиберип, душманынан коргонгон. Атма куралдардын чыгышы м-н К. сейрек колдонула баштаган.