КАЛИНИН (Жайыл районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛИ́НИН – Чүй обл-нун Жайыл р-нундагы кыштак. Красный Восток айыл округуна ка­раштуу. Бишкек – Ташкент автомобиль жолу­нун боюнда, деңиз деңг. 729 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Ка­ра-Балта ш-на туташып кетет. Калкы 3805 (2007); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эм­гектенет. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, медпункт ж-а дарыкана бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры М. Э. Скворцова туулган.