КАЛИНИН (Кара-Суу районундагы кыштак)
КАЛИ́НИН – Ош обл-нун Кара-Суу р-нундагы кыштак. Жоош айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 740 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Кара-Суу ш-нан 11 км чыгыш тарапта. Калкы 2280 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.