КАЛИЙ
КА́ЛИЙ (лат. Kalium), К – элементтердин мезгилдик системасынын I тобундагы хим. элемент. Щелоч металлдар тобуна кирет; ат.н. 19; ат. м. 39,102. Анын 3 изотобу бар. 39К, 40К ж-а 41К. Жасалма изотопторунун эң маанилүүсү 42К (Т1/2=12,52 жыл); ал индикатор катары химия, биология ж-а медицинада кеңири колдонулат. К-ди 1807-ж. англ. химик ж-а физик Г. Деви КОНты электролиздөө жолу м-н алган.
К. – күмүш түстүү, жумшак ак металл; тыгыздыгы 0,862 г/см3, эрүү t 63°С, кайноо t 776°С; электр тогун жакшы өткөрөт. Табиятта жер кыртышынын массасы б-ча 2,6%ин түзөт. Негизги минералдары – сильвинит (NaCl.КСl); карналлит (КCl.MgCl2 .6H
кылдангандыктан, керосин же бензинде сакталат. Ал дайыма I валенттүү. Кычкылтек м-н оксид ж-а пероксиддерди (К2O, К2O2) пайда кылат. Жогорку темп-рада (200°С) суутектүү чөйрөдө гидридди КN, электр зарядынын таасири астында азот м-н азидди КН3 ж-а нитридди К3N берет. Галогендер ж-а к-талар м-н активдүү аракеттенип, туздарды (КF, КCl, КBr, КI, К2CO3, К2SO4) пайда кылат. К. күкүрт, көмүртек м-н ысытканда, сульфидди (К2S), карбиддерди (КC8, КC16, К2C2) берет. К-дин жардамы м-н кычкылдарды (B2О3, Al2O3 ж-а SiO2) калыбына келтирүүгө болот. К. спирттер м-н орг. кошулмалары болгон алкоголяттарды, ацетилен, этилен м-н карбиддерди пайда кылат. К-ди алуу орун алмашуу реакциясына негизделген: КCl +
+Na = К + NaCl; 6КCl + 2Al + 4CaO = 6К +
+3CaCl2 +CaO + Al2O3; К2СО3 + 2С = 2К + 3СО.
Негизги бирикмелеринен КCl, К2SO4
жер се-
мирткич, К2S, КMnO4
медицинада ж-а ветери-
нарияда, КBr фотографияда, КF – металлургия-
да, К2CO3
самын ж-а айнек жасоодо ж. б. кол-
донулат. К. өсүмдүк, жаныбарлардын курамына кирет. Жаныбарлар К-ди эт ж-а өсүмдүк
азыктарынан, өсүмдүктөр топурактан алат. К. жетишсиз болсо өсүмдүктүн өсүшү начарлайт. К-дин иондору жүрөктүн, булчуңдардын жыйрылуусун жөнгө салууга, осмос басымын кармап турууга ж. б. катышат.