КАЛЕСАЙ (КӨӨЛҮҮ-САЙ) БЕРИЛЛИЙ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЕСАЙ (КӨӨЛҮҮ-САЙ) БЕРИ́ЛЛИЙ КЕНИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда. Кемин т. ж. беке­тинен 43 км түн.-чыгышта, Куутессай II кени­нин карьеринин түш.-чыгышында, Ак-Түз кыш-нан 1,8 км батышта, деңиз деңг. 2600 м бийикте жайгашкан. 1959–68-ж. чалгындалып, запасы эсептелген. Кен ядросу протерозойдогу гнейстүү ак-түз свитасындагы ак-түз антикли­налында жайгашкан. Анын протерозойдогу көпүрө-сай свитасынын амфиболдуу сланецтер­ден түзүлгөн канаттарына Түн. ж-а Түш. деп аталган эки кенташтуу аймак туура келет. Бе­риллий минералдашуусу талаа шпаты-флюорит­фенакиттин өтө жука (ммден 2,5 смге чейин) тарамдары м-н байланышкан. Сланецтеги та­рамдар чогулуп, штокверкти түзөт. Түн. шток­верк аймагында 253 кенташ тарамы бар, шток­верктин калыңдыгы 200 м, уз. 800 м. Түш. штокверктин калыңдыгы 200 м, уз. 1600 м, анда 700 кенташ тарамы бар экендиги анык­талган. Негизги минералы – фенакит, андан башка гетгельвин, гельбертрандит, бавенит, баверит, берилл, миларит минералдары кезде­шет. Бериллий кычкылынын орт. өлчөмү – 0,127%, запасы С1 категориясы б-ча 10170 T , С2 – 1531 T .