ЖҮЗ ААРЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:25, 22 Август (Баш оона) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮЗ ААРЧЫ – тазалык максатында пайдала­нылуучу кол жоолук. Жүз аарчылардын бети сайма­ланып, жээктери кооздолуп жасалган. Кыз-ке­линдердин саймачылыгы жана уздугу жүз аарчы жа­соодон башталган. Жүз аарчы 30–40 см өлчөмүндөгү ак же түстүү жука кездемеден, жибектен жа­салган. Анын кырка четтери, бурчтары ар кыл сайма менен көркөмдөлүп, жээктери тордолуп, ча­чыланып, кээде майда шуру, бермет бастыры­лып кооздолгон. Кыргыз кыз-келиндери өз ур­матын, сыйын, ал тургай сырдаштык сезимде­рин билдирген белек буюм катары жигиттерге тартуулаган. Жүз аарчы кээде дасторомол, кол жоо­лук, бет аарчы деп да аталат. Жазуу түрүндө алгач М. Кашгаринин сөздүгүндө (XI к.) «улату» түрүндө кезигет. Бул сөздүн анча өзгөрүлбөгөн түрүн («лата», «латта» – кездеменин кесиндиси, чүпүрөк, жамаачы) В. Радлов XIX к. таранчы (Иле уйгурлары) жана чагатай диалектилеринен жолуктурган. В. В. Бартольд байыркы доордон орто кылымдарга чейин антикалык Греция жана мусулман дүйнөсүндө жүз аарчы колдонулбай; европалыктар аны XV к. Кытай, ошондой эле Япония менен байланыш түзгөндөн кийин гана колдоно баштаганын эскерткен.

Ад.: Турганбаев Э. Өзгөрүлүп – өзгөрүлбөгөн байыркы кыргыз тили. //«Терминология», «ономастика» – коом жана мезгил: илимий баяндамалар жыйнагы. Б., 2024.