ИОНДУК РАДИУС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИОНДУК РА́ДИУС – иондук бирикмелердеги шар сымал иондордун өлчөмүн болжол менен аныктоодо колдонула турган шарттуу мү­нөздөмө. И. р. кристаллды түзгөн иондордун аралыктары б-ча аныкталат. Аны рефракция­лык, рентген-электронографиялык ж-а квант­мех. жолдор м-н ченеп алууга болот. Электр нейтралдуу атомдордун электрондорун жоготуу­сунун натыйжасында пайда болгон оң заряддуу иондордун өлчөмү баштапкы атомдордон дайы­ма кичине болот. Тескерисинче, терс заряддуу иондор электрондорду кошуп алуудан пайда болгондуктан, чоң болот. Бир эле элементтин оң заряддуу иону анын терс ионуна караганда кичине радиустуу, эгерде анын бир нече иону болсо, анда заряддын көбөйүшү м-н И. р-тар терс иондордо чоңоёт, оң иондордо кичирейет. Эле­менттердин мезгилдик системасындагы алган орду м-н И. р. мыйзам ченемдүү байланышта. И. р. Кристалл химиясы, кристалл физикасы, оптика ж-а геохимияда колдонулат.