ИНЦЕСТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:15, 22 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНЦЕ́СТ (лат. incestum – кан аралашуу) – жа­кын туугандардын ортосундагы жыныстык бай­ланыш. Ал алгачкы коомдун баштапкы мезгил­дерине мүнөздүү болгон, урук-уруу пайда бол­гон мезгилде экзогамия аркылуу жоюлган. И. жаңы муундун начарлашына, тукумдун бузу­лушуна алып келген. Ошондуктан, ага тыюу салуу адам мад-тынын калыптануусунда зор роль ойногон.