ИНТЕРСУБЪЕКТИВДИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:15, 22 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕРСУБЪЕКТИВДИК – феноменологиядагы интенционалдык аркылуу субъекттердин өз ара алакалашуу процессин ж-а анын натыйжасын, адамга башка адамдын ички дүйнөсүн ачып берүү процессин түшүндүргөн терминдердин бири. Аталган түшүнүк экзистенциализм, психоана­лиз, аналитикалык философия ж. б. ойломдун учурдагы багыттарында кеңири иштелип чык­кан. Бул механизм адамдардын ортосундагы бар­дык мамилелердин негизи болгон «тиричилик дүйнөсүнүн» концепциясын пайдалануу м-н өзү тууралуу эскерүүлөрдү анализдөөгө барып така­лат. И. түшүнүгүн немис философу Э. Гуссерл иштеп чыккан.