ИНЕРЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:29, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНЕ́РЦИЯ (лат. inertia – аракетсиздик), и н е р т т ү ү л ү к (механикада) – нерсенин өзүнүн тынч абалын же бир калыптагы ж-а түз сызыктуу кыймылын сактоо касиети. И. нерсе­ге сырткы күч таасир эткенде же аракеттенген күч бири бирине тең салмакта болгондо нерсе­нин тынч абалын же бир калыптагы түз сы­зыктуу кыймылын сактоо касиети. И. кубулу­шу нерсенин инерттүүлүк касиети м-н шартта­лат. Инерттүүлүк – нерсенин тубаса касиети. Де­мек, нерсенин баштапкы абалын өзгөртүүчү тышкы күчкө анын инерттүүлүгү дайыма кар­шылык көрсөтөт. Нерсенин И. чени – анын массасы.