ИНДИКЫТАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 21 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДИКЫТАЙ – Азиянын түштүк-чыгышындагы жарым арал. Аянты 2 млн км2 чамасында. Ба­тышынан Бенгал булуңу, Андаман деңизи ж-а Малакка кысыгы, чыгышынан Түштүк Кытай де­ңизи ж-а анын булуңдары – Сиам, Бакбо м-н чулганат. Түндүк чеги Ганг ж-а Брахмапутра дарыяларынын дельтасынан Хонгха дарыясынын дельтасына чейин шарттуу жүргүзүлөт. Кра мойногунан түштүккө карай Малакка жарым аралы созулуп жатат.
Чыгыш чеги тегиз келип, батышында булуң­дар, жээк бойлото жаткан аралдар көп. Көп бөлүгү тоолуу, кырка тоолордун көбү меридиан ж-а субмеридиан багытта жайгашкан. Баты­шында Ракхайн (Аракан) тоолору (бийиктиги 3053 мге чейин, Виктория чокусу), борбордук бөлү­гүндө Шань тайпак тоосу ж-а Танентаунжи кырка тоосу (Малакка жарым аралына чейин созулуп жатат), чыгышында Чыонгшон (Аннам) тооло­ру жайгашкан. Алар кеңири өрөөндөр (Ирава­ди, Менам, Кампучия) ж-а плато (Корат) аркы­луу бөлүнгөн. Жарым аралдын басымдуу бөлүгүн па­леозой ж-а мезозой бүктөлүштөрү, борбордук ж-а түштүк-чыгыш бөлүгүн Инди-Сина ортолук масси­ви, батыш бөлүгүн кайнозой бүктөлүү облусу ээлейт. Калай м-н вольфрамдын ири кендери (не­гизинен Малакка жарым аралында) бар. Климаты суб­экватордук муссондук, Малакка жарым аралында – эк­ватордук. Түздүктөрдө абанын орточо температурасы 20°Сден төмөндөбөйт, жайында 27–30°Сге чейин; тоолордо 15°Сге чейин ж-а андан да төмөн. Жылдык жаан-чачын тоолордун батыш айда­рым капталдарында 2500–5000 мм (көбү жа­йында), ички аймактарында – айрым жерлерде 1000 ммден аз, чыгыш деңиз жээктеринде – 2000 ммге чейин (көбү кышында). Ири дарыялары: Меконг, Иравади, Салуин, Менам-Чао-Прая. Сугатка кеңири пайдаланылат. Эң ири көлү – Тонлесап. Токой басымдуу: тоолордун айдарым капталдарында аралаш нымдуу тропик, деңиз жээгиндеги саздак жерлерде мангр токою, кур­гакчыл ички аймактарында бадалдар, жалбы­рагы күбүлмө сейрек токой өсөт. Түздүктөрү ай­далган. Аймагында Малайзия, Бангладеш, Вьетнам, Лаос, Мьянма, Таиланд, Камбожа мам­лекеттери жайгашкан.