ИНДИКАТОРЛОР
ИНДИКАТОРЛОР х и м и я д а – химиялык реакциянын багытына таасир кылбастан, титрлөөнүн акыркы чекитинде гана өзүнүн өңүн өзгөртүп жиберүүгө жөндөмдүү болгон заттар. Индикаторлорду анализденүүчү эритмеге аз-аздан тамчылатып кошот. Туура тандалган индикаторлордун жардамы м-н титрлөөнүн акыркы чекити аныкталат ж-а практикалык жактан химиялык реакциянын эквиваленттик чекитине туура келет (эквиваленттик чекитте титрлөөнүн көрсөткүч рНтын маанисине туура келиши керек). Индикаторлор титриметрлик методдорго колдонулушуна жараша кислота-негиздик, окистенүү-калыбына келүүчү, адсорбцияда), ошондой эле кайталануучу, кайталанбоочу болуп бөлүнөт.