ИНДИКАТОР МИКРООРГАНИЗМДЕР
ИНДИКА́ТОР МИКРООРГАНИЗМДЕР – сырткы чөйрөнүн тигил же бул шартына мүнөздүү болгон, анын абалын, ар кандай таасирлерин көрсөтүп туруучу микроорганизмдер. Индикатор микроорганизмдерди изилдөө топурактын микробиологиясынын өнүгүшү м-н коштолуп, алардын жардамы м-н топурактын тибин, анын агротехникалык, агрохимиялык ыкмаларынын топуракка таасирин аныктоого жардам берет. Ошондой эле микроорганизмдер аба, суу, топурак ж. б. жаратылыш объектилеринин ар түрдүү химиялык (оор металлдар, пестициддер) радиоактивдүү заттар м-н булганышынын мыкты көрсөткүчтөрү болуп эсептелет. Топуракта кээ бир биогендик элементтер бар экендигин көрсөткөн микроорганизмдер кездешет. Мисалы, азотобактер кальций, магний, азот, ошондой эле, оор металлдардын: Hg, Pb, Cd, Zn, Mo ж. б. элементтердин топурактагы бир аз концентрациясын да сезет. Ар кандай типтеги топурактын санитариялык абалын баалоодо ичеги таякчасы ж. б. микроорганизмдер колдонулат.
Т. Дөөлөткелдиева.