ИНДИАНАПОЛИС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:54, 21 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДИАНА́ПОЛИС – АКШнын чыгышындагы шаар. Индиана штатынын административдик борбору. Штат­тын борбордук бөлүгүндө, Уайт-Ривер дарыясынын (Огайо дарыясынын алабы) боюнда жайгашкан. Калкы 891,4 миң (2024; шаар айланасы м-н 2,1 млн). Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1821-жылы негиз­делген 1847-жылдан шаар статусуна ээ. Машина куруу (авиация, автомобиль кыймылдаткычы, подшипник, станок, байланыш каражаты, конт­ролдоп ченөөчү аспаптар, ар кандай өнөр жай жаб­дуулары), түстүү металлургия, химия-фармацевти­ка, тамак-аш ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Университеттер, ИИИлер, китепканалар, музейлер, театр­лар бар. Жыл сайын жаз музыка (1999), эл ара­лык кинофильм ж-а кинематография фестивал­дары өткөрүлөт. Зоопарк уюштурулган.