ИНДИ ЖАЗУУСУ
ИНДИ ЖАЗУУСУ – теги ж-а алфавиттеринин түзүлүш тартиби боюнча жалпылыгы бар жазмалардын кеңири тобу. Индия, Бангладеш, Пакистан, Непал жана Шри-Ланкада, ошондой эле Тибетте, Борбордук Азияда, Бирмада, Инди-Кытай жарым аралында жана Индонезияда колдонулат. Будда дини жана адабияты менен кошо таралган. Инди жазуусунун байыркы түрү – иероглиф жазуу б. з. ч. 3–2-миң жылдыкта эле Индияда пайдаланылган. Бирок аны окуп түшүнүү кыйын. Инди жазуусундагы эстеликтерден (б. з. ч. 3-кылым) окулганы муун жазуусу – брахми гана. Брахминин негизинде Инди жазуусунун үч бутагы калыптанган: түндүк, түштүк, түштүк-чыгыш. Түндүк бутакка г у п т (6–10-кылымдарда колдонулган), т и б е т (7-кылымдан тартып), н а г а р и (7–8-кылым соңку формасы – д е в а н а г а р и), ш а р а д а, н е в а р и (12-кылымдан тартып) жазмалары кирет. Түштүк бутак жалгыз гана г р а н т х а жазмасынан турат. Ал 5–6-кылымдан тартып өрчүгөн, аны Түштүк Индиянын азыркы к а н н а д а, т е л у г у, м а л а я л, т а м и л деген адабий тилдери колдонот. Түштүк-чыгыш бутак – көбүнчө байыркы палий графикасынын негизиндеги жазмалар: сингал, бирма, кхмер, лаос, тай, инди-кытай байыркы жазмалары жана башкалар.