ИНДЕЙЛЕР
ИНДЕЙЛЕР – этностук топ, Американын (эскимостор м-н алеуттардан башка) жергиликтүү калкы. Индейлер деген аталыш 15-кылымдын аягында Американы ачуучулардын (Х. Колумб ж. б.) жаңы табылган материкти Индия, анын элин индейлер деген туура эмес түшүнгөндөрүнө байланыштуу келип чыккан. Индейлердин жалпы саны болжол м-н 32–45 млн киши, анын ичинде АКШда 2 млн, Канадада 385 миң, Мексикада 8–15 млн, Гватемалада 5 млн, Парагвайда 4,5 млн, Эквадордо 3,7 млн, Перуда 7 млн, Боливияда 3,6 млн, Чилиде 0,8 млн ж-а Бразилияда 230 миң (2005). Индейлер АКШ ж-а Канадада англис ж-а француз, Түштүк Америкада испан ж-а португал тилинде сүйлөшөт. Индейлер европалыктар келгенге чейин шаманизм, тотемизм динин тутушса, кийин көпчүлүгү христиан (католик, протестант) динин кабыл алышкан. Индейлер соңку палеолит доорунда (болжол м-н мындан 15–10 миң жыл мурда) Беринг кысыгы аркылуу Америкага келишкен түндүк-чыгыш азиялыктардын тукумдары. Индейлер аңчылык, жыйноочулук, балыкчылык, айрым аймактарда дыйканчылык ж-а мал чарбачылык м-н кесиптенишип, жер төлөдө, үстү тери м-н жабылган конус сымал алачыкта ж-а үйлөрдө жашашкан. Алар бугу, багыш, бизон терисинен жасалган кийим кийишип, кооздуктарды тагынышкан. Айрымдары белинен ылдый жамынгычтарды колдонушкан. Уруу башчысы башына бүркүт канатынан жасалган баш кийим кийип, айбан сөөгү, тиши

ж. б-дан жасалган кооздуктарды пайдаланып, денесине ж-а бетине сүрөт тарттырган. Тамак ашы негизинен эт (этти кургатып майдалап, май м-н аралаштырат), балык, жёлудь уну ж-а жер жемиштер. Индейлердин дүйнөлүк маданиятка кошкон салымдары чоң. Алар эң жакшы архитектуралык эстеликтерди (мисалы, майялардын Тикаль, Копан, Чичен-Ице, Ушмал сыяктуу жүздөгөн шаар-мамлекеттери, храмдар ж. б.), көркөм искусство ж-а элдик чыгармаларды жараткан. Дүйнө элдери индейлерден картөшкө, күн карама, какао, пахта, тамеки өстүрүүнү үйрөнүшкөн. Европалык колониялаштыруу индейлердин табигый өнүгүү жолдорун үзгүлтүккө учураткан. Түндүк Америкада индейлердин көбү колонизаторлор тарабынан атылып, калгандары АКШ ж-а Канадага резервацияларга айдалган. АКШда индейлердин көпчүлүгү америкалыктар м-н ассимиляцияланып, шаарларда ж-а айылдарда жумушчу ж-а дыйкандардын катарын толуктаган. Түштүк Америкада индейлердин көпчүлүгү кырылган, калгандары өздөрүнүн маданий-салттык үрп-адатын сактап калган ж-а өз укуктары үчүн талбай күрөшүп келген. 20-кылымдын ортосунан индейлер этностук ж-а саясий өз алдынчалыкка ээ болуп, эне тили ж-а маданияты өнүгө баштаган. Учурда Латын Америкасында кечуя, аймара, ацтек, киче, какчикели, Юкатан майялары, маме, араукан, гуахиро, Түндүк Америкада түндүк атапаскалар, навахо, ирокез, чирок, оджибве ж. б. индей элдери жашашат. Резервация аймактарында шаар-

лар пайда болуп, АКШ ж-а Канадада билим борборлору, коллеждер, улуттук конгресс, улуттук совет, улуттук бир туугандык ж. б; ал эми Түштүк Америкада индей элдеринин бүткүл дүйнөлүк совети ж. б. көптөгөн эл аралык уюмдары түзүлгөн.
Ш. Керимова.