ИНДЕЙ ТИЛДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:13, 21 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДЕЙ ТИЛДЕРИ – Америка аборигендеринин (эскимос, алеуттардан башка) тили. Генетика­лык байланыштарына карай негизги уяларга бөлүнөт: 1) на-дене, тлингит жана хайда; 2) ал­гонкин-ритван; 3) пенут жана айрым илимпоз­дордун пикири боюнча, орегон-пенут; 4) хок уясы;5) каддо-ирокез; 6) сиу уясы жана ага жакынкы ючи тилдери; 7) мускоги-натчез; 8) юта-ацтек; 9) майя-соке уясы жана ага жакын тилдер – шин­ка жана тотонак; 10) отоманг; 11) чибча; 12) ара­вак; 13) кариб; 14) кечуа-аймара; 15) же; 16) ту­пи-гуарани. Индей тилинин көбү жазмасыз. Байыркы иероглиф жазуусун майя, сапотек, куна жана аймара тилинде сүйлөгөндөр колдонгон. Евро­па колониячылары басып алгандан кийин, ац­тек, кечуа сыяктуу тилдегилер латын жазма­сына өткөн. Адабий тилге айлангандары – гуа­рани, кечуа жана бир аз аймара тилдери.