ИНГУШ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:57, 21 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНГУ́Ш ТИЛИ – Ингушстанда жашаган ингуш­тардын тили. Ибер-кавказ тилдеринин нах тобу­на кирет. Чечен тилине жакын. Октябрь революция­сына чейин жазмасы болгон эмес. Алфавити орус графикасынын негизинде түзүлгөн. Ингуш тилинде үн­дүү тыбыштар, жөндөмөлөр арбын. Сөздөрү жак­талбайт. Лексикасына орус, араб, фарс, түрк ж. б. тилдерден көп сөз кирген.